Стамбулдагы жардырууга шектүү кармалды
Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууга шектүү катары бир киши кармалды. Бул тууралуу “Анадолу” мамлекеттик агенттиги кабарлады. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу “бомбаны калтырып кеткен киши камакка алынганын" билдирген. Түрк бийлиги жардырууну теракт катары иликтеп жатат. Стамбулдун борбордук бөлүгүндөгү Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан алты киши каза таап, жараат алгандардын саны 80ден ашты. Жардыруу 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында Таксим борбордук аянтына жакын жерде болгон. Читать дальше...