Кумарканага келе турган чет элдиктер үчүн виза талабын жоюу сунушталды
Чет элдиктерге Кыргызстандагы кумарканаларга визалык каттоого турбастан келип-кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай жеңилдик каралган мыйзам долбоору бүгүн 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинети демилгелеп, Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы атайын оюн-зоок аймактарына келүүнү каалаган чет элдик жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо жана ошол аркылуу инвестиция тартуу, кошумча жумуш орундарын түзүү экени маалымдалды. Читать дальше...