Кыргызстан: жылына 50 миңден ашык түгөй үйлөнөт, 12 миңдей жуп ажырашат
Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 50-51 миңге чамалуу түгөй баш кошуп, 10-12 миңдей жуп ажырашат. Бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Калый Жунусова билдирди. Анын маалыматына ылайык, өлкөдө ар жылы 145 миңден ашык ымыркай төрөлөт. Ошондой эле 35-36 миңдей адам көз жумат. Жогорку Кеңеш учурда “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат. Документти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунуштаган. Читать дальше...