Темировдун жубайы күйөөсү Москвада туугандарына жеткенин билдирди
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы күйөөсүнүн Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, журналистти Бишкектен Москвага чейин күч кызматкерлеринин эки өкүлү оштоп барган. Темировду аэропортто чек арачылар суракка алган. "Ал учактан түшкөндө чек арачылар "эмне иш кыласың" деп суракка алышыптыр. Иликтөөчү журналист экенин, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди, коррупцияны иликтерин айтыптыр. Акчанын кайдан аласың деген суроосуна грант аларын айтыптыр. Читать дальше...