Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

"Бешкемпирдеги" уяң кыз ажарлуу актрисага айланды

0

2000-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театр жана кино факультетинин актердук бөлүмүнө кабыл алуу сынагы жүрүп жаткан. Жыйырма чакты улан-кыз сынакка катышканы келди.

Арасынан шыңга бойлуу, кыймылы олдоксон кыз көзгө урунду. Анын кыймылынан айылда чөп чаап, картошка сугарып, уй саап, кара жумушка бышканын көрүүгө болот эле. Кепке тартсам, өтө эле тартынчаак, уяң экен. Бакырайган көздөрүн ачып-жуумп отурат.

- Аты-жөнүң?

- Албина Имашева.

- Кайдан келдиң?

- Ысык-Көлдөн...

- Монолог, ыр, этюд даярдап келдиңби?

- Башын ийкеди.

-Кана, анда монологдон баштачы,-дедим.

Кайсыны айтканы эсимде жок. Тили так, бирок келегей.

- Азаматсың. Кана эми этюдду көрсөтчү?

Курбакадай секирип чыгып, көздөрүн бакырайтып туруп калды, оң жагынан чиркейди илип алды окшойт, аны жутуп көздөрү тостойду. Бирөө келаткандай жыйрыла түштү.

- Ой азамат. Алаң көз Албина актриса болгуң келеби?

Башын ийкеди.

- Эмне, сүйлөбөйсүңбү?

Башын чайкады. Кыскасы, сынактан өтүп окууга кабыл алынып, күзүндө сабак башталганда балдардын сахнада өзүн алып жүрүүсү, театр этикасы, ийкемдүүлүгү, сезүү, уяңдыгын, жалкоолук, тартынчаактыгын жоюу жана башка түмөн түйшүктүү аракеттердин арты менен Албина жаңы ачылган тоо гүлүндөй болуп чыга келди.

Сынактарда этюддарды ийкемдүү, ишенимдүү аткарууга жетишти. Айылдан кара жумушка бышканбы, тапшырмаларды талбай так аткарып, эмгектенүүгө, өз алдынча изденүүгө көндү. Бир нерсени аткарууда аракети күч. 3-курстан лидерлик сапатка жетишти. Буга чейин ал 14 жашында "Бешкемпир" кинотасмасында Айнура деген кыздын ролун аткарып, чыгармачылыкты тандап алганы бекеринен эмес болчу.

Актёрлукту түшүнбөй туруп, "Бешкемпирде" ойногон

Көрүнүктүү кинорёжиссер Актан Арым Кубат Албина жөнүндө:

"Имашова Албина менен экинчи тасмам "Бешкемпирди" (Франция - Кыргызстан) баштарда тааныштым. Кастинг жарыялап, өзүм дагы каармандарга жараша балдарды, кыздарды издеп, кино тобум менен Тоң районуна бардым. Тоң жергесинде көптөгөн мектептерди кыдырдык. Ошондо Кара-Коо айылындагы Карл Маркс атындагы мектептеги окуучуларды дагы карадык. Арасынан бою узун кызды дароо Айнуранын ролуна татыктуу көрүп, аны ырдатып, бийлетип көрдүк. Биздин талаптардын бардыгын так аткарды. Фотопробадан, андан кийин видеопробадан да ийгиликтүү өттү. Бишкектен "Кыргызфильмдин" көркөм кеңеши да Имашованы Айнуранын образына бир добуштан татыктуу деп тапты. Ошентип биздин "Бешкемпир" тартылып башталгандан аягына чейин катышып, эң мыкты деген образдын бирин жаратты. Анткени ал талап кылган ар бир тапшырманы так аткарып, мага эле эмес, кинотобумдун сүймөнчүлүгү болду. Ошол кезде Албина 8-класстын окуучусу, 14 жаштагы уялыңкы, секелек кыз болчу. Биринчи күнкү тасманын башталышынан эле бир түшүндүргөн окуяны кабыл алып, актёрлук кесип эмне экенин түшүнбөгөн кыз камеранын алдында биринчи болуп туруп Айнуранын образын алып кеткенине аябай кубандым. Азыр дагы көптөгөн көркөм тасмаларга түшүп, театрда көптөгөн жакшы образдарды жаратып, аткарып келет. "Бешкемпир" көркөм тасмасы болсо көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып, көптөгөн сыйлыктарды жеңди. Алардын айрымдары Локарнодо (Швейцария) өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш леопард" сыйлыгы, Казакстандын Алматыдагы эл аралык "Евроазия" кинофестивалында Гран-при, Токио (Жапония) калыстар тобунун сыйлыгы, Коттбус (Германия) Гран-при, Анджей (Франция) көрүүчүлөрдүн сыйлыгы, Сингапурда өткөн эл аралык кинофестивалда "Кинопленканын күмүш кутусу" сыйлыгы жана Фипресса, Люблянда (Словения) эл аралык кинофестивал Гран-при, көрүүчүлөрдүн сыйлыгы ж.б.

Имашова Албинанын талантын баалайм жана ошондой эле келечеги кең актриса деп ойлойм. Алдыда дагы да көптөгөн тасмаларга тартылып, эң мыкты деген каармандарды жаратат деп терең ишенем", - деди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Актан Арым Кубат.

Албина 3-курста сахнада өзүн алып жүрүү, ролдун үстүнөн иштөө сырларын түшүнүп, өздөштүрүп калганда театрдан тажрыйба топтоого уруксат бердим. Окуу менен катар Кыргыз драма театрында иштөөсүнө шарт түздүм.

Театрдагы сахна чеберлеринен таалим алып, спектаклдерде роль ойноп, кинотасмаларда, роликтерге тартыла баштады. Ал ар бир ийгиликке талыкпаган эмгеги, чыгармачылык изденүү менен жетишип келатканы, этюддан эпикалык чыгармаларды аткарууга жеткени кубантат.

Анын Жаңыл мырзасы, Каныкейи, мурдагы залкар актрисаларды туурабай, өзүнүн көз карашы, интерпретациясында аткарганы менен айырмаланып, келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса болуп чыга келди.

"Албина өз ишине так жана адамгерчиликтүү"

Бир катар кинотасмаларда өзүнүн почеркине тиешелүү образдарды ачып берди. Кино жаатындагы иштерине таланттуу режиссёр Тынай Ибрагимовдун көз карашы:

"Албинага мен ар тараптуу мүнөздөмө бере алам. Анткени таланттуу гана актриса болбостон, өз ишине так жана адамгерчиликтүү, ишмердүү эмгекчил жөнөкөй адам катары билем. Азыркы жаш таланттардан оозунуп чыгып келе жаткан таланттуу актриса менен сыймыктанам. Кезинде Б.Кыдыкеева, С.Күмүшалиева, Т.Турсунбаевадай болом деген тилегин ишке ашыруучу актриса. Мен Албинаны "Бешкемпир" фильминен бери азыркы ар бир тартылып жаткан тасмаларынан өйдө билем, ошондой эле "Теңгри" фильминде да өзгөчө шайыр, өткүр, ошол эле убакта оор мүнөздүү образ жаратканына өзгөчө мамиле менен карап, биздин азыркы жаштардан дагы бир талант чыгып келатканына ынандым. Мен дагы бул актриса менен иштөөнү пландап, өзүмө тиешелүү автордук сценарий жаздым. Бул сценарийде жалгыз гана каарман – Аял. Бул жарык дүйнөгө бала алып келген эне жөнүндө. Менин оюмдагыдай кылып мен кандай кааласам, ошол каармандын ички дүйнөсүн түшүнүп, эң жакшы тасма жартканга жардам берди. Ал тасманын аты "Мольба". Ар бир көргөн кино сүйүүчүлөргө жылуу сезим алып келе турган тасма болду. Албетте, Албинанын жардамы менен. Азыркы убакта тасма алгачкы кадамын таштап, эл аралык фестивалдарга жолдомо алып, катышып жакшы деген бааларга ээ болуп келатат. Жакынкы арада тартыла турган "Женщина у стремени" тасмасына Розанын ролуна бекиттим. Ошондуктан Имашова Альбинага каалаганым жалаң гана ийгилик, себеби ал ошого татыктуу".

Албина Имашеванын өмүр баяны

Ал 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн.

Карл Маркс атындагы орто мектепти 2000-жылы аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун 2005-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Азыркы учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштөөдө. Мындан тышкары кино тасмаларга, видеороликтерге тартылып келет.

2008-жылы Эл аралык Шанхай ынтымакташтык Уюмунун Ысык-Көлдөгү кинофестивалында "Теңгри" фильминде "Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн" деген сыйлыгына ээ болгон.

2009-жылы "Кыргыз киносунун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.

2011-жылы Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты.

2017-жылы КР Маданият, маалымат жана туризм министринин ардак грамотасы.

Театрда ойногон ролдору:

Албина Имашеванын театрда аткарган ролун баарын санап отурганда, тизме узарып кетчүдөй. Ошондуктан бул жерге негизгилерин гана жазууну эп көрдүм.

Б.Жакиев «Атанын тагдыры» -Майраш;

Т. Уильямс «Эңсөө трамвайы» -Кыз

Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Алтынай, Асель айым

Т.Касымбеков«Курманжан датка»- К.Сактанов - Курманжандын жаш кези

М.Абылкасымова «Атаке баатыр» -Жаңыл Мырза

Ч.Айтматов «Чыңгызхандын ак булуту» -Догулан

Э.Ионеско «Макбет» -Леди Дункан

Али Амирин «Наваждение» -Хева (Гор.театр)

Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Каныкей

К.Иманалиев “Коркут Ата” -Периште

Ч.Айтматов “ Саманчынын жолу” жаш Толгонай

М.Байжиев “ Алтынчы күнү кечинде” – Кукуш

Р.Оторбаев “ Моно Лиза” – Энеси

М.Метерлинг “Көк куш” – Жарык

С.Раев “ Оо, кыздар” – Флюра

Ж.Садыков. “Төлгө” – Каныкей.

Кинодо:

А. Абдыкалыков "Бешкемпир" - Айнура (1997);

М. Мамбетов «Чиркин өмүр» - Аял (2003);

Н. Абдыкадыров «Чтения Петрарки» - Спортсмендин аялы (2006);

А.Айтикеев «Той» - Салия (2007);

Мари Жауль де Поншевиль «Теңгри» - Амира (2007);

З.Эралиев «Гора» - Марипа - (2008);

А.Арстаналиева «Тун бала» - Келин (2008);

Б.Карагулов «Бешик» - Акинай (2009);

Т.Ибрагимов «Мольба» - Аял (2009);

Т.Ибрагимов «Үзүлбөгөн үзөңгү» - Роза (2009);

А.Мамытов «Атанын акыркы белеги» - Жаркын (2010);

Мындан тышкары бүгүнкү күндө тартылып жаткан бир топ фильмдерде роль аткарып келет. Жаш режиссёрлор тарткан тасмаларда Албина Имашеваны кезиктирүү кадыресе көрүнүш болуп калган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о препарате для лечения болезни Бехтерева


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Театр кукол «Ульгэр» выступил в райцентре Бурятии в День Пушкина - Россия, Культура, Дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Бато Багдаев

Дети из землячества Узбекистана в Улан-Удэ стали зрителями театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России