Зордуктоо иши: Жапаров милиция кызматкерлеринин жоругу кечиримсиз экенин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда Бишкекте журналист, блогер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен жолугушуу учурунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы, күч органдарынын реформасы жөнүндө “Азаттыктын” суроосуна жооп берди. Жапаров күч органдарынын башчылары колдон келишинче иштеп жатканын, милициянын арасында дагы кылмышка баргандар бар экенин билдирди.
“Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Илгери өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылгам. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек”.
Жапаров зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бул ишке көз салып жатканын президенттин басма сөз кызматы маалымдаган.
Ички иштер министрлигинин алдында бүгүн, 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өткөн. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер анда министрдин отставкасын талап кылышкан. Ошондой эле 30дай уюм президентке кайрылган.
Ички иштер министрлиги аялдар жана балдарга жасалган кылмыш, зордук-зомбулуктарды ооздуктоого бардык аракет көрүлүп жатканын билдирген.
Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланып жатат. (TSh)