Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Ошко социалдык медиага редактор керек

0

Кызматтык орундун номери: BKYB026-2203

Кызмат орду: Ош шаары, Кыргызстан.

Социалдык медианын редактору “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы санарип редакторунун алдында социалдык медианы координациялоону, редакторлукту, түрдүү платформалар аркылуу аудитория менен байланышты камсыздайт. Жаңы медиада негизги ишти аткарып, санариптик демилгелерди көтөрүп, мазмунду таратуу жагын аныктайт.

Социалдык медиа редактору "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун бөлүгү болуп, Фергана өрөөнүнүн жашоо-турмушун жана маселелерин чагылдырат.

Жоопкерчиликтери:

YouTube, Facebook, Instagram, Twitter, ВКонтакте, OK, Telegram сыяктуу социалдык медиада жана башка платформаларда кызыктуу мазмунду таратып, аудитория менен байланышты координациялайт;

Бардык материалдарда редакциялык стандарттардын сакталышын карап, аларды жарыялардан мурда маалыматты дыкат текшерип, көзөмөлдөн өткөрөт;

Социалдык медианы казып, колдонуучулар жиберген мазмунду талдап, редакциялык саясатка туура келгендерин андан ары өнүктүрөт;

Социалдык медиадагы тиешелүү платформалардын статистикасын такай талдап, анализдеп, бөлүшүп турат;

Социалдык тармактардагы акыркы тенденцияларга көңүл буруп, башка команда мүчөлөрү менен жаңы платформаларды өздөштүрүп, мазмунду жайылтат;

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун санариптик стратегия командасы менен кызматташып, компаниянын жалпы эрежелери жана стандарттарына ылайык иш алып барат;

Редакторлук стандарттарга ылайык маркетинг бөлүмү менен социалдык платформаларда компаниянын ишин таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, иш жүргүзөт;

Социалдык медиа продюсерлер менен кабарчылардын ишин баалап, алардын кесиптик жактан өсүүсүнө, адистик чеберчилигин жогорулатуусуна өбөлгө түзөт;

Зарыл учурда макала жазуу, редакциялоо жана материал даярдоого салым кошот;

Тиешелүү башка тапшырмаларды дагы аткарат.

Билими:

Журналистика жана медиага тиешелүү багыттар боюнча бакалавр диплому же ошол тармактардагы иш тажрыйбасы зарыл.

Тажрыйбасы:

5+ жылдык социалдык медиадагы тажрыйбасы;

5+ жылдык медиа каражатындагы санариптик журналистика багытында тажрыйбасы;

Көп улуттуу жана көп түрдүү маданияты бар чөйрөдө, чет өлкөлөрдө, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу камтыган аймактарда жашап иштеген тажрыйбасы;

Менежерлик иш-тажрыйбасы барлар.

Иш билгилиги:

Жаңылыктарды талдай билүү;

Командада иштөө жөндөмү;

Санариптик көрсөткүчтөрдү түшүнүү;

Социалдык медиада мазмун жаратуу жөндөмү;

Жаңылыктарды жазуу жана редакциялоо жөндөмү;

Борбор азиялык мигранттардын жашоо-турмушун терең түшүнүп билүү;

Tweetdeck, Crowdtangle, Socialbakers сыяктуу каражаттарды колдоно билүү;

Кыска убакытта бир нече ишти чогуу алып кетүү;

Ар кандай кырдаалда ар кыл командаларда эффективдүү иштөөгө жөндөмдүүлүгү. Кайсы бир маселеде түрдүү көз караштарды туура баалап, кырдаал талап кылгандай шартка ыңгайлашып, компаниянын же иштин талаптарына ийкемдүү болуу;

Саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал тууралуу жана эл аралык мамилелер жаатында терең билими;

Html жана видео монтаж билгени артыкчылыкка ээ.

Тил билүүсү:

Кыргыз тили - эркин;

Орус тили - эркин;

Англис тилин билгендерге артыкчылык берилет.

Бул кызматка кызыксаңыз резюмеңизди жана эмне үчүн бул орунга татыктуу экениңизди англисче кыска жазып, бул шилтеме аркылуу жибериңиз.

Шилтемени басыңыз

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу камтыган аймактарда кызматкерлердин маянасы жергиликтүүлөргө атаандаш боло алгыдай шартта каралган. Кызматкерлердин айлык акысы ошол өлкөнүн жергиликтүү эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

Эскертүү: “Эркин Европа/Азаттык” радиосу өз ишмердигине жараша бул жарыяланган кызматты өзгөртүү укугуна ээ.





Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Невеста Тимати сводит с ума туристов откровенными купальниками на Мальдивах




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Badlands Champions 1.5.141



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России