Секелектин зордукталышы: сот алдындагы нааразылык
Бүгүн 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунунда 13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча ишти жабык карады жана кийинки отурум 12-июлга белгиленди. Жараян өтүп жатканда сот имаратынын алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгондор кыйкырып турушту.
Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап турушту.
Бүгүн, 8-июнда Свердлов райондук сотто 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өттү.
Сотко журналисттер, жарандык коомдун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилген жок.
Адам укугун коргоо мекемесинин сот процессине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаевдин айтымында, судья Азиз Эшалиев Акыйкатчы институтунун өкүлүн "айыпталуучу тарап каршы" деген жүйө менен сотко киргизген эмес.
"Биз бул боюнча судьянын үстүнөн акт түздүк. Эми соттордун ишин кароочу Тартип комиссиясына кайрылабыз. Кийинки отурумга катышууга да аракет кылабыз", - деди Калчабаев.
Жабырлануучу тараптын адвокаттары алмашканы себептүү отурумду жылдыруу өтүнүчү берилди. Сот алардын иш менен таанышып чыгуусуна уруксат берип, кийинки отурумду 12-июлга белгиледи.
Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жаткан.
Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтууда. Алардын бири Гүлсара Мадеминова коом мындай зордук-зомбулукка каршы жапырт каршы болушу керек дейт.
"Зордук-зомбулук окуяларын күн сайын окуп, угуп атабыз. 13 жашар кыздын зордукталышы да жүрөгүбүздү оорутту. Баарыбызда бала бар, менде да кыз бар. Алардын тынч, коопсуз коомдо жашоосуна тилектешпиз. Бул коом деген, эл деген чоң күч, эгер өзүнүн күчүн билсе. Ал үчүн көзү көр, кулагы дүлөй, тили дудук болбостон, кимде эгер жүрөгү бар болсо, ал үнүн бийик чыгарып айтсын. Биз көпчүлүкпүз. Коопсуз жашоону каалаган адамдар көпчүлүк экенбизди, кордолгондорду коргой ала турган эл бар экенин айта турган, көрсөтө турган учур келди".
"Президенттин кабыл алуусун өтүнөбүз"
Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова соңку окуялардан улам өлкөдө укук коргоо органдары, сот системасы жана социалдык коргоо тармагы иштебей жатат деген ойдо. Ошол себептүү ал бир жумадан бери укук коргоочуларды, активисттерди кабыл алуусун өтүнүп, президентке кайрылып жатканын билдирди.
"Адис катары айтайын, бизде баланы кантип коргонууну билген, үйрөткөн адистер болмоюнча, жыйынтык өзгөрбөйт. Сотторду көзөмөлдөгөн системанын алсыздыгынан судьялар балдарга, аялдарга каршы чечимдерди чыгарып жатышат. Бизде балдарды жана аялдарды зордуктоо, өлтүрүү боюнча мынчалык көп фактылар болгон эмес. Статистиканы карап көрсөңөр, соңку убакта бул көрсөткүч 70 пайызга көбөйдү".
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-июлда Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирген.
"Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт", - деп жазган Султанбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев балдарды зордуктоого каршы мыйзам долбоорун даярдап жатканын Фейсбукка жазды. Анда соттолгон педофилдерге мунапыс бербөө, кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу жана өмүр бою эркинен ажыратуу сыяктуу чаралар каралганын белгилеген.
13 жаштагы кызга жардам чогултулууда
Жарандык активисттер ал арада зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам чогултууда, Акция жарыяланган алгачкы төрт саат ичинде 75 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда акциянын демилгечиси, жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди. Ал бүгүн социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кайрылуу жарыялап, кызга жардам берүүгө чакырган.
“Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом чоң жардам бологону турат”, - деген Рыскулбеков.
2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган.
Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.
Зордуктоого шек саналгандарды бошоткон судья кызматтан кетти
Бул арада Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырганы белгилүү болду.
Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкени айтылат.
Соттун билдирүүсүндө өспүрүмдү зордуктоого шектелгендердин бошотулганы жөнүндө кабар маалымат каражаттарына чыгары менен Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайы менен таанышып, судьянын аракетинен өспүрүмдүн укугу тебеленген деп тааныганы белгиленген.
Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктоого шектүү болгон эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотуп жибергенин кабарлаган болчу.