Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Кыргызстандын 11 жараны тажик абагынан бошотулду

0
Кыргызстандын 11 жараны тажик абагынан бошотулду

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен Тажикстанда кармалып, абакта отурганы расмий бышыкталган 13 кыргыз жаранынын 11и ушул аптада Кыргызстанга кайтарылганы маалым болду.

Башка айыптар менен кармалгандар чыгарылган эмес, алардын так саны белгисиз. Бошотулуп келгендердин жакындары жана жергиликтүү депутаттар 11 киши Кыргызстанда абакта кармалган тажик жарандарына алмашылганын билдиришти. Эки өлкө тараптан тең алмашуулар тууралуу расмий маалымат боло элек.

Бүгүн, 10-июлда Лейлектин Максат айылында Умарбай Хайдаров уулунун Тажикстандын абагынан чыгарылып келгени үчүн кан чыгарып, түлөө өткөрүп жатат. Уулу Айдарбек Хайдаров былтыр октябрдан бери коңшу өлкөнүн Кожент шаарындагы абагында кармалып турган.

Айдарбек "Азаттыкка" өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы он кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлгөнүн ырастады. Бирок укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Атасы Умарбай Хайдаров абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:

"Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз. Алтоосун Аркадагы ПОМго алып келишти. Үч-төртөөнү Бишкекке алып кетишти, катталган жери Чүйдө окшойт".

"Азаттыкка" башка булактардын ырасташынча, кайтарылгандардын бешөө Лейлек районунун тургундары, дагы үчөө Тажикстандын Жерге-Тал районунан болот, бирок алар да кыргыз жарандары. Калгандарынын жерлиги тууралуу маалымат жок.

Баткендеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, кыргыз-тажик башкы прокурорлору 27-майда Баткен шаарында жолугушуп, эки өлкөнүн абактарында жаткан жарандарды алмашуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында чек арадан мыйзамсыз өтүү сыяктуу кылмыштарга шектелген айрым жарандарды алмашууну макулдашкан. Учурдагы алмашуулар ушул макулдашуунун негизинде ишке ашууда.

Анын алкагында Кыргызстандын абактарында кармалып турган тажик жарандары июндан тарта бошотула баштаган. Алсак, 3-июнда Лейлек райондук соту кыргыз абагында жаткан Тажикстандын Согд облусундагы Коргончо айылынын 11 тургунунун ар бирине 50 миң сомдон айып пул салып, бошоткон чечим чыгарган.

Аларды Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети 29-апрелде Сүлүктү шаарында мыйзамсыз эмгектенип жүргөн жеринен кармап, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыптаган болчу.

Азырынча Кыргызстандын тиешелүү органдары Тажикстан менен жарандарды өз ара алмашуу тууралуу расмий маалымат жарыялай элек.

Тажик абагынан мекенине кайтып келген Максат айылынын тургуну Ниязали Канатов учурда Ош шаарындагы бейтапканада дарыланып жатат. Ал 2021-жылдын 11-сентябрында "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген шек менен кармалып, 10 айдан бери Тажикстандын тергөө абагында жаткан.

Иниси Эламандын айтымында, Тажикстан менен Кыргызстан ар бири он бирден жарандарын алмашкан.

"11 кыргызстандык менен бирге чыгып келди. Кызыл-Кыяга барып алып келдим. Кызыл-Кыяга абакка алып келип, анан берди бизге. Негизи жолугушуу, алмашуулар Кызыл-Белде болду. Башма-баш алмашты. Абалы жакшы, ургандыр, бирок аны айтпайт да. Көзөмөлдө болуп турат деп, азырынча дарыланууга бошотушту. Азыр агам дарыланып жатат. Эки жарым жылга кесилген болчу негизи. Коженттин тергөө абагында кармалып турду".

Бошотулгандар 2021-жылдын апрель айынын этегиндеги Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу кагылышынан кийин чек араны мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Быйыл апрелде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканын, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

Алардын ичинен экөөнү тажик соту "тыңчылык" айыбы менен өмүр бою абакка кескени белгилүү болгон. Кийинчерээк анын бирөөсү Сейдакмат Артыковдун жаза мөөнөтү жеңилдетилип, 18 жыл берилгени айтылган.

Январь айында Тажикстандын №6 түзөтүү колониясында жаткан дагы бир кыргыз жараны, 68 жаштагы Кудайберди Бекмуратовдун каза болгону кабарланган.

Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайирбек Орозалиевдин маалыматында, кайтарылган жарандардын баары тең жергиликтүү кеңештин депутаттарына абакта жатканда саламаттыгына доо кеткенин, дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.

"Чыккандардын баарын эле "Чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деп күнөөлөп, сот 2-2,5 жылдан мөөнөт берген экен. Сүйлөшүүлөр жүрүп, алмашуунун негизинде жазасын өз мекенинде өтөсүн деп чыгарып беришти. Кызыл-Кыяга барып, ошол жактан үйлөрүнө таратылыптыр. Соттук өкүм чыккандарды гана чыгарып атат, чечим чыкпагандар чыгарыла элек окшойт. Себеби "чек араны кесип өттү" деген өкүм чыккандарды гана алмашып атыптыр деп уктук. Башка берене, башка айып менен отургандар алмашылбайт окшойт. Булардан сурасак, "ал жакта отурган кыргыздар көп" дешти. Уурулук кылып, баңгизат менен түшкөндөр, ошого окшогон башка кылмыш менен отургандар бар. Аларды кантип чыгарат, билбейм. Алар чек арага, жаңжалга тиешеси жок, башка кылмышка айыпталгандар окшойт".

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов апрель айында парламенттин жыйынында Тажикстандын абагындагы кыргыз жарандары катаал шарттарда кармалып жатканын айтып чыккан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кыргыз жарандарын кайтарууга ортомчу болуу өтүнүчү менен Евробиримдиктин элчисине кайрылганын билдирген.

2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Жүздөгөн турак жана соода жайлары, социалдык объектилер талкаланды.

Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

Ошол кандуу окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстанда «чек араны мыйзамсыз кесип өттү» деген шек менен бири-биринин жарандарын кармап кетүү көбөйгөн.





Губернаторы России
Москва

Собянин: в Подольске отразили атаку летевшего на Москву дрона ВСУ





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


WTA

Саснович пробилась во второй раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России