Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

ИИМ: "Ихсан" кооперативинин жетекчиси камалды

0
ИИМ:

"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси 46 жаштагы Б. А. Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында, 11-июлда кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматына быйыл март айынан бери өлкөнүн ар кайсы аймагынан "Ихсан групп ЛТД" кооперативине кирген жарандардан көптөгөн даттануулар түшкөн.

"Арыз ээлери кооперативге кирерде түзүлгөн келишим боюнча 4-7% өлчөмүндө кирүү акысын жана автоунаа же турак жай сатып алуу үчүн алынган мүлктүн наркынан 25-35-50% өлчөмүндө баштапкы төлөмдөрүн төлөшкөн. Жарандар ушул убакка чейин салынган акчасына турак жай жана автоунаа алыша элек, ал эми акчасын кайтарып алууну каалаган жарандарга кооперативдин жетекчилиги кайтарып берген эмес", -  деп жазылган маалыматта.

ИИМдин эсебинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануу боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчилиги бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.

Милиция жарандарды мындан ары аталган кооперативге мүчө болбоого чакырып, анын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бардыгын, жарандар ага салган акчасын кайра ала албай калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Бул кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.

Бишкекте “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 млн. сом чыгым аныкталган. Кооперативдин жетекчиси камалган. “Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. S-Line кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине турак жайга муктаж 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.(ZKo)





Губернаторы России
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин





Москва

Сценарии для любого торжества, праздника, корпоратива - квесты, ролевые игры, конкурсы. Ищем авторов сценариев.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Вдова Окуджавы извинилась за программу концерта, из которой исключили Урганта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Марина Василевская передала Александру Лукашенко флаг Беларуси, побывавший на МКС



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России