Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Балдарды бул дүйнөдөгү "тозоктон" коргойлу

0
Балдарды бул дүйнөдөгү

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.

 

 

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

Өткөндө эле балдарды түшүнүү, кабыл алуу, колдоо, тарбиябыз жетпей жатканы жөнүндө жаздым эле. Бирок акыркы кездеги айрым эки буттуу айбандардын балдарга карата кылмышы дагы жазууга түртүп жатат.

“Азаттыкка” чыккан 13 жаштагы кыздын узак убакыт бою төрт эркек тарабынан зордукталып келгени – секелектин бу дүйнөдө эле тозокко түшүп жатканынан кабар берет.

13 жаштагы көчөт кыздын мындан аркы тагдыры эмне болот? Азыркы психологиялык абалы кандай, өз өмүрүн кыйбасына кепилдик барбы? Ата-энеси кызын кордоп келгендерди сотко берип жатат. Кызды колдоп, сотко көз салып турган мекендештерден улам коом кайдыгер эмес экенин көрүүгө болот. Кыздын курбу-курдаштары ага кандай мамиле кылып жатат болду экен? Айтор, суроо көп. Тереңдете ойлогон сайын заманаң куурулуп, баланын тагдырына балта чапкан айбандарга ачуулангандан башка арга таппайсың.

Ушул окуя шардана болгондон кийин ондогон коомдук уюмдар президентке чейин кайрылышты. Алар кайрылууда зордук-зомбулуктун буга чейинки тирукмуш фактыларын санап, мындан ары сексуалдык зордук көрсөткөндөргө катуу чараларды көрүүнү талап кылышкан. Ондогон коомдук уюмдардын кайрылуусуна Ички иштер министрлиги да жооп берип, акыркы кездеги кылмыштуулук боюнча статистиканы көрсөтүү менен чектелишкен.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын социалдык маселелер боюнча орун басары тарабынан 13 жаштагы кызды зордуктоого болуп келген көп кылмыштын бириндей мамиле жасалышы – коомчулук менен бийликтин эки тарапта экендигин даана көрсөткөндөй.

Ушул кезге чейин эле уккан адамдын төбө чачын тик тургузгандай зордук-зомбулуктар бийликтен чечкиндүү кадамдарды жасоону талап кылып келген.

Демек, тиешелүү мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдары, балдарды коргой турган коомдук уюмдар биргелешип, балдарды сексуалдык зордук-зомбулуктан коргой турган, чындап ишке аша турган механизмдерди иштеп чыгууга мезгил жетмек турсун, өтүп да баратат.

Буга иштеп жаткан мыйзамдарга, укук коргоо жана сот тармагына болгон ишенимдин жоктугу, кылмышкер кылган күнөөсүнө жараша айып тартпай, тартса да таза эмес кызматкерлердин айынан тез эле бошоп кеткендиги себеп болууда. Эгерде бийлик балдарга карата ырайымсыз кылмыштарга каршы иштей турган механизмдерди ишке киргизбесе, кийинки кылмыштарда кыжыры келген көпчүлүк өзү чара көрүп, өз билгениндей жазалай башташы да мүмкүн.

13 жаштагы кызды алмак-салмак узак убакыт бою зордуктап жүргөндөр 20 жаштан 41 жашка чейинки эркектер экен. Алды беш, арты экиден балалуу. Экөө милиция кызматкери болсо, анын биринин үч, экинчисинин эки кызы бар. Алардын кыздарынын жашы да өздөрү зордуктап жүргөн кыздыкындай болушу толук ыктымал. Кокус алардын кыздары аталарынын өздөрүндөй болгон кызды зордуктап жүргөндөрүн угушса, кандай абалда калышты?.. Аталары өз балдарына да психологиялык зомбулук жасашканын түшүнүштү бекен? Бирөөнүн чырактай кызын зордуктагандан кийин үйүнө келип балдарынын, кыздарынын бетинен кантип өөп, ата болуп жүрүштү экен?

Деги эле акыркы кезде жаш балдарга сексуалдык зордук көрсөтүү мурда болуп көрбөгөндөй күч алды. Мунун себеби азыр көп маалымат ачыкка чыккандан болуп жатабы же мурда деле ушундай көрүнүштөр болуп келгенби? Билинген сексуалдык кылмыштарга карата адегенде запкы тарткан баланын жакындарынын, укук коргоо органдарынын жана коомчулуктун айрым бөлүгүнүн көз караштарын талдай келсек, мындай кылмыштарды мүмкүн болушунча жашырып же билинип калса, жоопкерчилик тартуудан коргоп калган учурлар көп.

Эсиңиздерде болсо, эки-үч жыл мурда өз наристесин зордуктаган аңгини укук коргоо кызматкерлери жоопкерчиликке тарта турган болгондо, аялы тосмо арыз жазып куткарып кеткен. Ошол зордукталган наристе азыр кандай чоңоюп жатат, аңги күйөөсүн куткарган аял аны менен ынтымакта жашап жатабы, белгисиз.

Жаш балдарга сексуалдык зордук көрсөтүүнүн көп болушунун эң башкы себептери – адам тагдырына жоопкерсиздик, кайдыгерлик, зордуктун кийинки натыйжаларын билбестик, билсе да көз жуумп коюу, куру намыс, уят. Ушул себептерден улам зордукталган кыздардын, балдардын өз ата-энелери, чоң ата-чоң энелери, башка туугандары мындай кылмыштарды жаап-жашырат. Себеби көп учурда наристе кызды же баланы зордуктагандар жакын туугандары болуп чыгышат. Андайда зордук көрүп, психикасы талкаланып жаткан наристе өзүн коргоого дарманы жетпейт. Көпчүлүгү үй-бүлөсү, бала-чакасы болсо да зордук көрсөткөн тууганын кечирет, балдары атасыз өспөсө экен деп анын балдарын ойлошот. Тиги наристе кыздын же баланын ичинде эмне болуп жатканын чоңдор көп учурда ойлобойт, өзү дагы эмне деген кордукка дуушар болгонун аңдап, айтып берүүгө, коргонууга алсыз.

Бул боюнча айта берсе, сөз көп. Бирок кантип каршы турууга болот? Ар бир үй-бүлө, ата-эне, бир туугандар сексуалдык зордук-зомбулук боюнча үйдөгү кичине кыздар, балдарга колдон келишинче, тилдин жетишинче түшүндүрүп туруулары зарыл. Кыздын, баланын денесине кол тийгизүүгө эч кимдин укугу жок экендиги эки жерде эки төрт дегендей жат болууга тийиш. Балдары, кыздары бар ар бир ата-эне алардын аман-эсен, зордук көрбөй чоңоюшу үчүн милдеттүү экендигин мээге кык каккандай кага турган мезгил өтүп баратат. Жок дегенде ушуну окуган бир канча адам ойлонуп калса да, ошол утуш.





Губернаторы России
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины





Москва

Гоцирк Бурятии, артист Саян Дондоков: «Я из династии культработников» - Культура и Россия, театр, дети,


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин принял участие в параде Победы на Красной площади



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Джиган решил заняться продажей пива




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Google

Состоялся релиз стратегии Warbits+ в App Store и Google Play



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России