Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандарды кое берген соттор түшүндүрмө беришти

0
Жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандарды кое берген соттор түшүндүрмө беришти

Сокулук районунда майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки адамды эркиндикке кое берген судьялар бүгүн, 15-июлда маалымат жыйынын өткөрүштү.

Алар "жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталгандар акталды" деген маалыматтарды четке кагышты. Айыптуулардын ар бирин жабырлануучуга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген токтом кабыл алынып, иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эркиндикке кое берилгенин айтышты.

13 жаштагы, майыптыгы бар кызды зордуктоого алты адам шек саналган. Алардын ичинен төртөө соттук териштирүү башталган учурда 14кө толо элек болгондуктан, иште күбө катары өтүшкөн. Экөө 16 жашта болгону үчүн соттолгон.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев иш 1997-жылкы Кылмыш кодекси менен каралганын, анда ушундай жумшартуучу беренелер болгонун айтты. Судья иш жабык каралгандыктан, жараян тууралуу коомго ачык жарыялоого укугу жоктугун кошумчалады.

13 жаштагы, майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча сот алгач Сокулук районунда, анан Чүй облусунда, Жогорку сотто жана Бишкек шаардык сотунда дээрлик жети жыл каралган.

Сокулук райондук соту айыптууларды сегиз жылдан эркинен ажыратып, бирок мунапыстын негизинде жазасын жеңилдеткен. Чүй облустук соту чечимди күчүндө калтырган. Жогорку сот ишти кайра кароону Бишкек шаардык сотуна жиберген.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 13-июлда айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (тогуз жыл) жаза чегерген эмес. Шаардык сот жашы жете электерге кылмыштын эскирүү мөөнөтүнүн жарымы гана колдонуларын белгиледи.

Буга чейин Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу айып пул төлөп, абактан бошотулганын айтып чыккан.

Өткөн аптада Свердлов райондук сотунун судьясы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналгандарды үй камагына чыгарганы үчүн кызматтан алынган.

Ушул тапта Свердлов райондук сотунда 13 жашар кызды зордуктаган үч адамдын (экөө милиция кызматкери) ишин жабык карап жатат.

Түп районунда 16 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши создугуп келе жатканына укук коргоочулар жана кыздын жакындары нааразы экенин билдирип келишет.

Араван районунда беш жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөтүү деп шек саналган адамдын иши "далилденбегени үчүн" кыскартылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок деп табылып токтотулган. 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.(ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ





Москва

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бенни Гудмен

В Доме Единства состоится джазовый концерт, посвященный Бенни Гудмену




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время


Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России