Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Өзбекстанга ооган тараптан дагы ракета атылдыбы?

0
Өзбекстанга ооган тараптан дагы ракета атылдыбы?

Расмий Ташкент Ооганстан тараптан кайрадан ракеталык чабуул болду деген маалыматты четке какты. Өткөн ишембиде "Талибан" (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) өкмөтү Ооганстандын аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган деген негизде кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялаган болчу. 

Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид ишемби күнү Твиттер аркылуу билдиргендей, 15-июлга караган түнү "Талибандын" атайын күчтөрү Кундуз провинциясынын Канжага айылында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин чордонун жок кылган.

"Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, беш адам кармалды. Алардын автоунаалары жана ок атуучу куралдары конфискацияланды. Алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракета менен аткылашкан", - деди Мужахид.

Деген менен бул кабарды көз карандысыз булактар азырынча ырастай элек.

Дүйшөбү күнү Өзбекстандын Коргоо министрлиги чек аралаш аймактарда Ооганстан тараптан үчүнчү жолу ракеталык атуу болгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

"Бул маалыматтар жалган жана эч кандай чындыкка дал келбейт. Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасы толугу менен өзбек чек арачыларынын көзөмөлүндө турат, кырдаал туруктуу",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ушул күндөрү интернетте өзбек жергесине коңшу өлкөнүн аймагынан атылган ракеталык дүрмөттөр түшкөнү тууралуу кабарлар кайрадан тарап жаткан.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылган.

Июль айынын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Ооганстандык журналист Билал Сарвари 5-июлда Твиттерде сүрөт жарыялап, анда колдо жасалган снаряддар жеңил унаага жайгаштырылганын жазган. Снаряддарды жашылча-жемиш менен көрсөтпөй жаап коюшканын айткан.

Анда да талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Өзбекстанга атылган снаряддар эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн “кара ниет кишилердин” иши экенин билдирген эле. Мужахид күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопко тартууга аракеттене турганын убада кылган.

Муну менен катар 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй жети снаряд атылганын ооган маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан"  менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп жарыялаган эле.

Апрель айында "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскерий объектилерди көздөй ракета атканы кабарланган. Бирок Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы мындай кабарларды четке каккан.

Ал арада "Талибан" кыймылынын делегациясы 25-26-июлда Ташкентте өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышарын Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди.

"Биз Ооганстанда бийлик орноткон "Талибан" кыймылынын делегациясын күтүп жатабыз. Бул кыймылдын конференцияга катышуусу "биз аларды тааныйбыз" дегенди билдирбейт. Бул жолугушуу  эл аралык милдеттенмелерди жана ал жерде кол коюлган келишимдерди аткаруусун камсыз кылууга багытталган", - деп баса белгиледи Норов.

Ооганстан боюнча эл аралык конференция 25-26-июлда Ташкентте өтүп, ага 20дан ашуун өлкөнүн делегациялары катышат.

Кыргызстанда "Талибан" кыймылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген. Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бир нече жолу Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген.

Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ





Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Comedy Club

Гарик Мартиросян прокомментировал беременность Анны Хилькевич в Comedy Club на ТНТ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России