"Вефа" соода борборундагы өрт чектөөгө алынды. Ошто "Ак-Буура" кафеси күйдү
Бишкек шаарынын чок ортосундагы Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Вефа" соода борборундагы өрт чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, өрт аба желдеткичтеринин биринен чыккан. Саат 14:13тө өрт чектелди, болжол менен 20 чарчы метр аянт күйдү. Борбордун соодагерлери коопсуз жайга чыгарылды. Өрттү өчүрүүгө саат 13:20да Октябрь районунан бир бөлүм тартылды.
Өрт Ош шаарындагы "Ак-Буура" кафесинде да болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Новаи көчөсүндө жайгашкан коомдук тамактануучу жайдын 700 чарчы метр жерин тилсиз жоо бүлүндүрдү. Өрттү өчүрүүгө беш бригада жана бир автошаты колдонулду. Өрт бүгүн эртең менен чыгып, саат 11.45те өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-июлда маалымат жыйынында быйыл алты ай ичиндеги кырсыктардын эң көбү бул өрт кырсыгы экенин белгилеген. Анын маалыматы боюнча жарым жыл ичинде республиканын аймагында 823 жолу өрт кырсыгы катталган, ал эми былтыр - 2021-жылы 1349 жолу өрт чыккан. Материалдык чыгымдар миллиондоп саналат.