Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Ташиевдин эскертүүсү, оппозициянын жообу

0
Ташиевдин эскертүүсү, оппозициянын жообу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө ыңкылап уюштурууну каалаган күчтөрдүн "күлү көккө сапырыла" турганын эскертти. Бул тууралуу ал оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылдын" соңку билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты. Бийликтин саясий оппоненттери Ташиевдин айткандарын ачык коркутуу, "опуза" катары баалап жатат.

Камчыбек Ташиев оппозиция тууралуу 19-июлда "Саясат" басылмасына берген маегинде сөз кылган. Анда "Бириккен демократиялык кыймылдын" Таластагы жыйынына токтолуп, экс-депутат Канат Исаевди "оппозиция лидери боло албайт" деп билдирген.

"Канат Исаев оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетилиши керек. Ал азыр жаштык кылат. Эсимде, 2010-жылы коалициянын башчысы кылып бекиткенбиз. Үч жылча башчылык кызматты аркалады. Бир дагы жолу коалицияны чогултуп, бир демилге көтөргөнүн көргөн жокмун. Мындан сырткары Канат Исаевдин артынан эл дүрбөп ээрчип алгыдай анын эл үчүн жасап койгон көрүнүктүү бир дагы иши жок. Тескерисинче, Токмоктогу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананы, жерлерди мэр болуп турганда өз кызыкчылыгы үчүн сатып жиберген. Кылган кылмышынан бери 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу гана мыйзам жол бербей жазага тартылбай калган".

Атайын кызматтын башчысы андан ары өлкөдө ыңкылап уюштурууну каалаган күчтөрдүн "күлү көккө сапырыларын" эскерткен. Анын пикиринде, өлкөдө революцияга жеткирген абал жок.

"Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген "дежур" сөз. Кресло жетпей калагандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Шайлоолор таза өткөндүктөн, Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир команда берсек, экөө тең өтпөйт эле. Биз тескерисинче шайлоолорду мурда болуп көрбөгөндөй таза, адилеттүү өткөрүп жатсак, уурулар менен коррупционерлерди камап, кустуруп жатсак, пенсия, жөлөк пулдарды, эмгек акыларды көбөйтүп атсак, бюджетти толтуруп жатсак... Мына, биз УКМК эле 1,5 жыл ичинде 8 миллиард сомдон ашык каражатты уурулардан алып казынага кайтардык. Прокуратура 2 миллиард сомдон ашык кайтарды. Салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаны казынага буруп койдук. Казына көбөйүп калды. Ошонун эсебинен эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз. Анан эмнеге революция болуш керек? Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калуу. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Таза, эл үчүн иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол", - деген Ташиев.

Экс-депутат Канат Исаев Ташиевдин айткандарына азырынча жооп кайтара элек.

"Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Ташиевдин оппозиция тууралуу айткандарын айыптады. Экс-чекист буга чейинки бийликтер дагы саясатын оппоненттерин опузалап келгенин, аягы эмне менен бүткөнүн эске салды.

“Атайын кызматтын жетекчиси, өкмөт башчынын орун басары, мамлекеттин тагдырын чечип жаткан адамдардын бири ушундай деп айтканы олдоксондук, ойлонбогондук жана алабармандык деп эсептейм. Кандай болгон күндө дагы ушундай денгээлдеги адамдан мындай сөздөр чыкпашы керек эле. Кечээги эле тарыхыбызга көз жүгүртүп карап көрсөк, мурунку президенттер дагы "саясий оппоненттеримди атам, жок кылам" деп айтышкан. Алардын баары эмне болуп бүткөнүн көрбөдүкпү. Биздин мамлекетте оппозиция болушу керек деп өздөрү айтып жатпайбы. Оппозиция мыйзам талаасынан чыкпаса, алардын сыны көнүмүш эле нерсе болушу керек. Эч нерсе боло электе оппоненттерди "колуңду сындырам, жок болуп кетесиң", "күлүндү көккө сапырам" деген… Буга чейин бийликтегилердин оозунан мындай сөз чыга элек эле. Бул үчүн тарых алдында жооп берет деп ойлойм. "Элдин арасында нааразылык жок, баарын гүлдөтүп салдык" десе демек, жашоо-турмуштан өтө эле алыс калганынын белгиси”.

Мунун алдында "Бириккен демократиялык кыймыл" Таласта жыйын курган жана анда беш багытта кадам жасоо тууралуу бийликке резолюция кабыл алынган. Ага ылайык, биринчи кадам катары президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууну калыбына келтирүү сунушталган. Экинчиси – сөз эркиндигин, саясий атаандаштыкты камсыздоо керектиги белгиленип, журналисттерди, жарандык активисттерди саясий оппоненттерин куугунтуктоону токтотуу талабы жазылган. Мындан тышкары, өкмөттү отставкага кетирип, эл ишениминдеги өкмөт түзүү, Жогорку Кеңешти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо талаптары коюлуп, “Бириккен демократиялык кыймыл” көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн “бийлик менен диалогго барууга даяр” деп белгиленген.

Аталган кыймылдын мүчөсү, укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, учурда элди нааразы кылган бир катар жагдайлар бар.

"Негизи биздеги бийликтин баары эле көчөдө адам чогулуп, революция болуп атат деген учурда дагы терезенин ары жагында отуруп алып "революцияга негиз жок" деп келишкен. Азыр деле бийлик "бизге тие турган кайсы күч бар, "Бириккен демократиялык кыймылдын бизге алы жетеби, ким алар" деп ойлоп жатат. Мен деле ушул кыймылдын мүчөсүмүн, бирок революцияны дайыма эл жасап коет. Билесиңер, телефон чалууга 60 тыйын кошулат дегенде, электр энергиясы кымбаттарда биринчи Нарында эл көтөрүлүп чыгып, калган аймактарга тараган. Саясатчылардын баары камала баштаганда эл көтөрүлгөн, 2020-жылы деле "шайлоого жалаң эле Матраимов менен Жээнбековдун биримдиги өтүп калабы, бул эмне деген шумдук?" деп эл көтөрүлүп чыкканда ошол абалды Жапаровдун балдары колдонуп кетпеди беле. Балким азыр оппозициянын элди уюштурууга күчү жетпеши мүмкүн. Бирок социалдык-экономикалык абал, бийликке жакпаган комментарий жазгандардын баарын эле куугунтуктап, камоо, Жетим-Тоо сыяктуу маселелер турат да".

Президент Садыр Жапаров апрель айында "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде саясий атаандаштары, оппозиция тууралуу суроого жооп берди. Анда бийликти сындагандар болушу керектигин белгилеп, бирок ошол эле учурда аларды такталбаган маалыматтарды таратып жатканы үчүн сындаган.

"Өлкөдө оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо төрт-беш күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык калкып чыга калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу",- деди Жапаров.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев кайым айтышкан жана атайын кызматтын төрагасынын "колуңду сындырам" деген опузасы коомдо талкуу жараткан.

Аталган фракциясынан депутат Исхак Масалиев дагы Ташиевдин соңку билдирүүсүн "аша чапкандык" катары баалады.

"Бул опуза эмес эле ачык эле коркутуу болуп жатпайбы. "Күлүңөрдү көккө сапырам" деген аша чапкандык. Мындай сөз саясатчынын оозунан чыкпашы керек эле. Коомчулукта оппозициянын болгону, кемчиликтерди, сын-пикирин айтып турганы жаман эмес. Революция, бийликти күчкө салып басып алуу - бул башка маселе. Мамлекетти ойлош керек. Эми азыр жакшы нерселер дагы бар, жакшыны жакшы деп айтыш керек. Бирок айлык көтөрүлгөнү менен базардагы баа андан кем эмес көтөрүлүп кетти го. Элге оор эле болуп жатат. Анан бийликтин жакшылыгын улам-улам кайталай бергени элди кекетип, оозун жапкандай эле болуп жатат. Экинчиден, мунун баары мамлекеттин эсебинен болуп жатат. Туура, коррупцияга каршы күрөш болду, бирок ал кайра токтоп калды. Коррупцияга каршы күрөштө жазалоо дагы башкача болуп жатат. "Акчаны төлөсөң, сен бошсуң" деген жол менен кетип жатат".

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев оппозициянын коомдогу ролуна токтолду жана азыркы бийликте отургандар убагында бийликке каршы чыгып келгенин белгиледи.

"Айлык көтөрүлдү дегени менен мамлекеттен маяна алгандар элдин аз эле пайызын түзүшү мүмкүн. Өлкөдө жумуш орундары деле түзүлгөн жок. Элдин жашоо-турмушу начарлап, кымбатчылык, инфляция терс таасирин тийгизип жатат. Кечээ Акылбек Жапаров расмий түрдө коррупцияга каршы күрөш ойдогудай болбой жатканын моюнуна алды. Албетте, ар бийликке оппозиция керек. Бүгүнкү күндө оппозиция алсыз, күчсүз, кубаты жок, өлкө тагдырына таасир этчү деңгээлге жете элек. Биригүү деле жок. Канат Исаев деле оппозициянин лидери болорун, поозицияга кошулганын деле айта элек. Бирок оппозиция деген бийликтин өйдө-ылдыйын айткан, коомдо пикир жараткан түзүм да. Азыр бийликте отургандар мурда өздөрү деле оппозицияла жүрүп, бийликти сындашкан. Куугунтукталып, Садыр Жапаров Европага чейин качып кеткенге аргасыз болгон. Ошол бийлегилер деле бийлигин кармап кала алган жок. Булардан кийинки келген бийликте дагы оппозиция болот. Ошондуктан оппозицияны кысып жок кылабыз дегени ишке ашпай турган нерсе".

"Бириккен демократиялык кыймылы" ушул жылдын март айында түзүлгөн. Анда кыймылдын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган.

Уюмга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон.

Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин дагы ар кандай оппозициялык кыймылдар болгон.





Губернаторы России
Москва

Неделя мэра: новая «Иволга» и комплексное благоустройство





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Неделя мэра: новая «Иволга» и комплексное благоустройство



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Арутюнов

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России