Имам Садыбакас Дооловдун ишин эми башкы прокуратура иликтейт
Базардагы эттин баасын аялдардын кийими менен байланыштырып, алардын укуктарын бузду делип жаткан Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун айткандарын эми башкы прокуратура иликтемекчи. Арызды Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына (УКМК) Умай Арыкова баштаган жарандык активисттер жазган.
Өз кезегинде УКМК териштирүүнү башкы прокуратуранын башкармалык жетекчиси У.Султановго жолдогон.
6-июлда Умай Арыкова социалдык тармакка жазган маалыматка караганда, арыз Садыбакас Доолов аялдардын кийингенине көзөмөл киргизгиси келип, аялдардын укуктарын тебелеп, аларды кемсинткени, антип ал аялзатын малга теңегени үчүн жазылган. "Анын кылыгы Конституцияны айтпаганда да Кылмыш кодексинин 189-беренесине туура келет" - деген болчу Умай Арыкова.
Аталган беренеге ылайык тең укуктуулукка шек келтирген кылмыш үчүн жаранга 50 миң сом айып салынат же ал 2 жылга чейин соттолот.
Имам Садыбакас Дооловдун өзү "Азаттыкка" берген интервьюсунда анын сөздөрү тексттен жулуп алынып, туура эмес түшүндүрүлүп, интернетке тарап кеткенин айткан болчу.
Конституцияга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган, ал эми Кыргыз Республикасы эркин, демократиялык, укуктук, светтик мамлекет болуп эсептелет.