Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 04.07.2022

5-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

5-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Акылбек Жапаров эки аэропорт боюнча сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айтты

Azattyk.org 

"Манас" жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатканын бүгүн ,4-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал “Эгер биз койгон шарттарга макул болсо гана келишим түзөбүз” деп айтты. Жапаров бүгүнкү күндө бул эки аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак болорун, эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси жана жүк ташуучу терминал куруларын... Читать дальше...

"Адеп-ахлакты үйрөтөбүз". Диний лагерлерге талап жана сын

Azattyk.org 

Жай мезгилинде балдар үчүн эс алуу лагерлеринен бөлөк диний лагерлер да ачылып, иштей баштады. Алардын жетекчилери мындай түрдөгү лагерге ата-энелердин талабы күч экенин, балдарга адеп-ахлакты үйрөтүп, диний маалыматтар берилерин айтышат. Бирок алардын ишмердигинде мамлекеттик талаптар сакталбаган учурлар да бар. Бишкектин чет жакасындагы окуучулар үчүн лагер деп ачылган жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 13-июнда диний уюм катары өткөн. Бирок билим берүүгө уруксат кагаздарын, лицензиясын көрсөтө алышкан жок. Читать дальше...



Прокуратура: Нукустагы башаламандыкта 18 киши мерт кетти

Azattyk.org 

1-2 июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда 243 киши жарадар болгон. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор. Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Даврон Жуманазаров 1-2 июль күндөрү 516 киши кармалганын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Читать дальше...

Алтынбек Эргешов президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды

Azattyk.org 

Алтынбек Эргешов президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун «Азаттыкка» бүгүн 4-июлда өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдиришти. Маалыматка караганда, Эргешовду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Нарын облусунун активи менен тааныштырат. 50 жаштагы Алтынбек Эргешов буга чейин Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеп келген. Читать дальше...

Башкы прокуратура “Кыргызкөмүрдө” жемкорлук аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Кыргызкөмүр” ишканасында жемкорлук аныкталганын 4-июлда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун каражатка зыян келтирилгени аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан эки ишкана менен Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин... Читать дальше...

Курман айт күнү 8 миңдей милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Azattyk.org 

Курман айт күнү, 9-июлда Кыргызстандын аймагында 8 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу 4-июлда Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, коомдук тартипти жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо, укук тартибин бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, өздүк курам арасында мыйзам бузууга жол бербөө максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.  8 миң милиционерден тышкары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу 1300гө жакын кызматкер тартылып, алар 1100дөй атайын постто иштешет. Читать дальше...

Жоокердин өлүмү: Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда

Azattyk.org 

Кой-Ташта аскердик бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары окуя тууралуу 4-июлда “Азаттыкка” маалымат беришти. Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты. 4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу “жакшынакай сүйлөшкөнүн” айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди: “Мен коркуп кире алган жокмун. Читать дальше...



Казакпаев менен чогуу айыпталган Токтоучиковго өкүм чыкты

Azattyk.org 

Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен бирге кармалган Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиковго карата сот өкүмү чыгып, ал 2,5 жылга эркинен ажыратылганын 4-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 27-июнда чыкты. Токтоучиков Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциядагы) “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөмөй болду. Читать дальше...

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

Azattyk.org 

Бүгүн 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон: "№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган" деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. Читать дальше...

Ысык-Көл: Кум жээктеги мыйзамсыз курулуштар боюнча мониторинг башталды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун аймагындагы муниципалдык кум жээк тилкелерин  иретке келтирүү иши башталганын 3-июлда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери Бостери айылындагы “Борбор” эс алуу жайынын кѳл жээгине барып, ал жердеги абалы менен таанышышты. Андан соң алар Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында чогулуш ѳткѳрүп... Читать дальше...

Токмоктун "карындашын коргоп, адам өлтүрдү" деп шектелген тургуну эки айга камалды

Azattyk.org 

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Ирискулбеков билдирип, шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим Чүй райондук сотунда 3-июлда чыкканын айтты. Жумакулов 29-августка чейин камакка алынганын билдирген жактоочу соттун бул чечимин мыйзамсыз деп атап, ал мыйзам бузуу менен кабыл алынганын, апелляциялык арыз берилерин маалымдады. “Биринчиден, бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткен. Бул жерде “Жазык-процессуалдык... Читать дальше...

Мелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону кабарланды

Azattyk.org 

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотконун акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди. 2-июлда омбудсмен “Фейсбуктагы” баракчасына Аспеков менен жолугуп чыкканын жазды. “Кургак ачкачылык жарыяладым деп арызы мага түшкөн. Ачкачылыгын азыркы учурга токтоткон. Ден соолугуна байланыштуу учурунда медициналык кароого муктаждыгын, былтыркы инфаркттан кийин реабилитация дагы эле өтпөгөнүн айтты” деп билдирген Абдрахматова активисттин ар бир сот процессине мониторинг жүргүзүлүп келатканын кошумчалады. Читать дальше...

ӨКМ: Нарында 80 жаштагы карыя дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы эркек киши табылбай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, окуя 1-июлда болгон. Издөө иштерин жүргүзүүгө 10 куткаруучу тартылып, убактылуу токтотулган. 4-июль күнү издөө улантылат. Нарында 29-июндан бери 80 жаштагы карыянын  дайыны белгисиз болууда. ӨКМдин маалыматына караганда, ал үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Кийими Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө 15 куткаруучу, төрт милиционер тартылган. Убактылуу... Читать дальше...

Чүйдө жолдогу өрт кырсыгынын себеби иликтенүүдө

Azattyk.org 

Чүйдө жолдо бараткан оор жүк ташуучу автомашинадан чыккан өрттүн себеби иликтенүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя кечээ 3-июлда Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында болгон. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, жарым саатта өрт толук чектөөгө алынган. Машина дөңгөлөктөрдү жүктөп баратканы белгилүү болду. Куткаруучулар автоунаанын айдоочу отуруучу бөлүгүн өрттөн сактап кала алышкан. Адамдардан эч ким жабыркаган жок.  Кечээ социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары... Читать дальше...



Москва

Сценарии для любого торжества, праздника, корпоратива - квесты, ролевые игры, конкурсы. Ищем авторов сценариев.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Автомобили «Москвич» будут собирать по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Урганту не дали выступить на вечере памяти Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России