Швейцарияда кыргыз жарандарынын эл аралык форуму башталат
12-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында кыргызстандыктардын "Чөйрө-2022" деп аталган эки күндүк форуму ишин баштайт. Иш-чара "Санариптик кылымдын чакырыктары - Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк" деп аталат. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер, адистер катышат. Форумда IT тармагынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошо турган салымы, маалыматтык технологиянын жана санариптик трансформациянын аялдар менен элеттик жаштарга мааниси, өлкөнү коррупциядан арылтууда журналисттердин эмгеги жана башка маселелер көтөрүлөт.