Бала бакчанын кызматкери алты баланы сүзүп алды
15-июль күнү саат 11.30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери А.А. бала бакчада тарбияланып жаткан алты жаш баланы коюп кеткен. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 43 жаштагы айдоочу Hyundai Getz үлгүсүндөгү менчик унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге токтотууга аракет кылганда болгон. Жыйынтыгында эки жаштагы беш бала жана беш жаштагы бир бала денесинен жараат алышып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген. Читать дальше...