Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы акция өтүп жатат
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышты. Арасында суу сактагычка жакын жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунан келгендер дагы бар. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар “Жерибиз ыйык жана кол тийгис”, “Жер үчүн бекем туруу кылмыш эмес”, "Эркиндик эл байлыгы" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын айтууда. Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер... Читать дальше...