Ханты-Мансыда көп кабаттуу үй жарылып, төрт адам каза тапты
Орусиянын Ханты-Мансы автономдук округундагы Нижневартовск шаарында көп кабаттуу үй жарылып, кеминде төрт адам өлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар тиешелүү мамлекеттик кызматтарга таянуу менен кабарлады. “Азаттыктын” орус кызматы жазгандай, алгач беш адам өлгөнү айтылып жаткан. Бир адам реанимацияда аман куткарылып калганы белгиленди. Жарылуудан улам имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Урандылардын астында дагы кишилер бар экени белгилүү. Он чакты адам жабыр тартканы, бир нечеси оор абалда экени айтылды. Читать дальше...