Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 01.12.2022

Июнь окуясы: Сотко Жапаров менен Ташиев чакырылды

Azattyk.org 

1-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчылар Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Исмаил Исаковдун иши карала баштады. Сот президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду күбө катары чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.

УКМК депутаттын кайда жүргөнү белгисиз экенин билдирди

Azattyk.org 

Бүгүн 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин үстүнөн сот иши уланды. Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин сот залынан чыгарылып, процесс ал жок өттү. Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын парламенттеги үч кызматкери иштен кетти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “жасалма документ колдонуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. - Орусиянын президенти Владимир Путин менен... Читать дальше...

Кытайды козгогон Үрүмчүдөгү каргаша

Azattyk.org 

Кытайда COVID-19га байланыштуу катаал карантинге каршы акциялар уланууда. Анда саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды. Нааразылык толкуну 24-ноябрда Шинжаңдын башкалаасы Үрүмчүдө 10 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматтарга караганда, карантинден улам катуу бекитилген ал турак-жайдан айрым тургундар сыртка чыга албай калган. Үрүмчүдөгү трагедия ошондой... Читать дальше...



Акаев: Дача СУдагы жүктүн Атамбаевге тиешеси жок экенине ынандык

Azattyk.org 

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеш таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты. Аткезчилик темасы бул окуянын негизги саясий өңүтү болгонун депутат Жанарбек Акаев белгиледи: “Дача СУ маселеси саясатташып, оппозиция ошол жүк Атамбаевдики жана анын үй-бүлөсүнүкү болгон... Читать дальше...

Талибдер "Америка добушу" менен "Азаттыктын" уктурууларына тыюу салды

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдер жетектеген өкмөт “Америка добушу” (VOA) жана "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" ооган кызматынын уктурууларына тыюу салды. Талибан муну жалпыга маалымдоо каражаттарынын мазмунуна каршы даттануулар менен түшүндүрдү. "Талибан" кыймылынын маалымат министрлигинин өкүлү "Азади" радиосунун уктуруусу 13 шаарда токтотулганын билдирди. "Америка добушу" да эфирлери чыкпай калганын маалымдады. "Талибандын" өкүлү мындай кадам "журналисттик принциптер сакталбай, окуялар бир тараптуу чагылдырылганы үчүн" жасалганын билдирди. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш депутат Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, анын корутундусун бүгүн 1-декабрда парламент жабык талкуулады. Натыйжада кабыл алынган токтомдо Министрлер кабинетинин төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы иштен алуу маселесин кароо сунушталды. Ошону менен катар Иш башкармалыгынын жетекчилери Өмүрбек Бакировдун депутаттык кол тийбестигин одоно бузгандыгы белгиленип, Башкы прокуратурага... Читать дальше...

"ВИЧти жыныстык жол менен жугузган жаштар көбөйдү"

Azattyk.org 

Республикалык ВИЧ/СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова борбор жылына 700-800 жаңы учурду каттоого алып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Бул 2016-жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккандардын саны эки эсеге көбөйдү дегенден кабар берет.

Прокуратураны сындаган депутаттар сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Прокуратуранын ишин сындаган Жогорку Кеңештин эки депутаты - Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Алар муну басым деп баалап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын айтышууда. Акыркы эки апта ичинде бир катар парламентарийлер укук коргоо органдарынын куугунтугуна арызданышты. Парламенттеги билдирүүдөн кийинки сурак Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратурадагы сурак боюнча маалымат берди. Читать дальше...



Иранда диниятчылар демонстранттарга куугунтукту токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Ирандын түштүгүндөгү Систан жана Белужистан провинциясынын суннит диниятчылары Ислам жумуриятынын бийлигине кайрылып, демонстранттарды кандуу куугунтуктоону токтотууга чакырган видео таратты. 29-ноябрда жарыяланган видеодо билдирүүгө кол койгондордун мечитте чогуу отурганын көрүүгө болот. Иранда 22 жаштагы активист Махса Амини аттуу кыз хижабсыз жүргөнү үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгон соң өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Читать дальше...

ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды

Azattyk.org 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп 1-декабрдагы жалпы жыйында депутат Чолпон Султанбекова шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 81 депутат макул болуп, экөө каршы добуш берди. Өз сөзүндө Султанбекова моюнуна абдан чоң жоопкерчилик коюлуп жатканын белгилеп, Конституциянын бир да беренесин бузбай иштөөгө убада берди. Султанбекова 53 жашта. Ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Республика" партиясынан... Читать дальше...

Мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу же кайсы бир убакытка гана берүү сунушталууда. Бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бул маселени депутат Дастан Бекешев көтөрдү: “Азыркы мыйзамда экс-президентке мамлекеттик күзөт өмүрүнүн аягына чейин берилери, азыркы президентке төлөнүүчү айлыктын 75 пайызынан кем эмес маяна төлөөнөрү жазылып турат. Мейли, медициналык камсыздандыруу керек, ал кала берсин. Читать дальше...

2-декабрдын аба ырайы

Azattyk.org 

2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерелеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3; Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3; Баткен... Читать дальше...

Июнь коогасы: Алмазбек Атамбаев соттун жүрүшүн "цирк" деп атады (видео)

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши карала баштады. Атамбаев отурум башталганда сотту "цирк" деп атап, ишти өзүнүн катышуусу жок эле кароону өтүндү. "Мени бул соттон бошотуп эле өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып-келиш да кыйын болуп жатат, Мени бул "циркке" катыштырбай эле өткөргүлө", - деди. Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин аны залдан алып чыгып кетишти. Читать дальше...

УКМК: "Бүтүн Кыргызстандын" парламенттеги үч кызматкери иштен кетти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын  айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңешке кызматка мыйзамсыз алынганына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзгөнүн бүгүн 1-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, партиянын парламенттеги фракциясынын лидеринин кеңешчиси менен жардамчысынын жана катчылыгынын экспертинин “Эмгек китепчесинен” жалган маалыматтар аныкталган. Кылмыш иши “жасалма документ колдонуу” беренесинин негизинде козголуп... Читать дальше...

Кыргыз коомунун кубаныч-кайгысын тарткан Татьяна

Azattyk.org 

Бишкектик сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын чыгармалары саясий репрессиялардан согушка жана спорттук жеңиштерге чейин бардыгын чагылдырат. Кыл калем чебери тууралуу Крис Риклтондун макаласын сунуштайбыз. Өңү-түсү таанылгыс, бийлик белгиси катары погон тагынган, сот адилеттигинин таразасын колуна алган, өкүмчүл мамлекеттин жогорку даражалуу өкүлү жарык багытталган кишинин кичинекей тулкусуна өйдөтөн эңилип турат. Көңүл чөктүргөн бул сүрөттүн четтеринде коюу туман арасынан кийимдеринен гана таанылгыдай... Читать дальше...

Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты

Azattyk.org 

Дүйнөлүк футбол чемпионатында кечээ D жана C тобундагы жыйынтыктоочу беттештер өтүп, төрт курама команда плей-офф баскычына чыкты. D тобунда буга чейин эки оюнду катары менен уткан Франция акыркы айлампада Туниске утулуп (1:0) калды. Дидье Дешам команданын экинчи курамын чыгарды. Бирок Тунис баардык күчүн жумшап, оюндун 58-минутасында Вахби Хазри эсепти ачты. Ошондон кийин Дешам талаага мыкты оюнчуларын биринен сала бирин чыгара баштады. Мбаппе, Гризманн, Усман Дембелле оюнга аралашты. Тунисттин дарбазасы кайра-кайра камоолго алынып... Читать дальше...

ӨКМ Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү коркунучун эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-2-декабрда катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жаралганын эскертти. Аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда тараткан маалыматка ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусунда, 198-231-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочуларга 500 метр аралыкты сактоо, коопсуздук талаптарын аткаруу... Читать дальше...

Аскада калган Ыбыштын ыйы

Azattyk.org 

Ушу тапта 80 жылдыгын белгилеп жаткан тирүү классик Кубатбек Жусубалиевдин “Жижи үчүн жомоктор” деген аңгемелер циклы бар. Ошол топтомго кирген “Аска” деген аңгемесин окурмандар менен чогуу окуп чыгуунун сааты келип турат. "Ырадиага ыракмат" Аңгеме Ыбыш чал жөнүндө, кудуңдаган сырдуу адам кадим Гималайдын алыскы бир айылында жашайт. Ал жагы да тоо, бул жагы да бийик аскалар менен курчалган чөйчөктөй жер. Сокудай башына элдик эски ырларды, жомокторду, баяндарды чыпчыргасын коротпой сактап келаткан өнөрлүү адам. Читать дальше...

Насыянын айынан чет өлкөгө чыга албагандарга шарт түзүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү эл аралык аба майдандарга мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө үчүн терминалдарды орнотуу сунушталды. Депутат Сүйүн Өмүрзаков ар кандай насыясы бар жарандар чет өлкөгө чыга албай жатканын билдирди. "Көп жарандар өзүнүн карызы бар экенин да билбей калып жатат. Автоунааны тилкат менен бирөөгө өткөрүп берип, карызы бар экенин учарда билип жатышат. Бул карыздар бир гана автоунаага эмес, светке жана башка кызматтарга тиешелүү. Ошого аэропортко терминалдарды орнотуп берсеңиздер", - деди Өмүрзаков. Читать дальше...


Музыкальные новости
Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы





Rss.plus
Кубок

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию




Песков: РФ в случае изъятия ее активов будет бесконечно отстаивать свои интересы

Тамбовское УМВД проверяет материалы о картельном сговоре подрядчиков АО "ТСК"

В РУСАДА отметили рост числа нарушений после использования БАДов

В Тверской области мужчину травмировал поезд




Токторбаев Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратурага сурак бергенин билдирди. Ал "элден келген арызды айткандан кийин көзөмөл органы суракка чакырганына" нааразы болду. Токторбаев парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, бул маселени карап коюуну сунуштады. "Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар, билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай "сыр-бор" башталды. Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Ал... Читать дальше...

"Ислам мамлекети" террордук тобу лидери өлгөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук деп табылган топ 30-ноябрда өзүнүн лидери Абу Хасан аль-Хашими аль-Курашинин өлгөнүн жарыялады. Социалдык тармактардагы "ИМ" тобуна таандык аккаунттарда Абу Хасан аль-Хашими согушта набыт болгону жазылган. Анын качан, кайсы жерде өлгөнү тууралуу так маалымат жок. Reuters агенттиги социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, анын ордуна Абу ал-Хусейн аль-Хусейни аль-Кураши аттуу адам топтун башчысы болгонун жазды. Читать дальше...

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз экенин маалымдады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганы тууралуу "Альянс" фракциясынын жетекчиси Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. "Жанар Акаевде Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Читать дальше...

Шайлообек Атазов аны суракка алган прокуратурага нааразылыгын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратурага суракка чакырылганын билдирди. Аны 30-ноябрда иш бөлмөсүнөн үч прокуратура кызматкери чакырып кеткенин, суракта шайлоочулардан келген кайрылуулар боюнча маалымат бергенин айтты. "Дордойдогу" контейнерден ишкердин 120 миң доллар алып кеткенин айттым эле. Ал айыл өкмөттө үч жолу соттолгон шылуун экен. Ошол эле күнү кечке чейин таап келе турган болушту. 24 миң доллар алган (Жаныбектики) боюнча чакырып, арыз жаздырып, ишти баштады. Читать дальше...

"Баламды окууга албай коюшту". Тандоо укугун чектеген ВИЧ

Azattyk.org 

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, соңку үч жылда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандардын саны көбөйдү. 2022-жылдын 10 айында 819 жаңы учур катталса, анын 710у жыныстык катнаш учурунда жуккан. Ооругандардын 62,9% эркектер. Азыр Кыргызстанда 120 39 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталган. Алардын 11344ү Кыргызстандын жараны, анын ичинде оорусу СПИДге өткөн 1231 адам каттоодо турат. Дагы 695 чет элдик жаран Республикалык СПИД борборунун тизмесинде ВИЧ катары катталган. Читать дальше...

Кыргызстанда 12 миңдей адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт

Azattyk.org 

1-ноябрга карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 12 039 адам расмий катталды. Республикалык СПИД борборунун маалымдашынча, бул - өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет. Илдет акыркы беш жылда жыныстык катнаш аркылуу жуккан учурлар көбөйгөн. "Акыркы жылдары оорунун жыныстык жол аркылуу жугушу күч алганын байкадык. Илдетке кабылгандардын 40% өтүшүп кеткенден кийин аныкталууда. Бул бейтапта иммунодефицит оорлоп, дары-дармектер оңой менен жардам бере албай калган учур болот. ВИЧке... Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Даниил Медведев

Медведев рассказал, что у него не получилось в первом сете матча с Арнальди в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Песков: РФ в случае изъятия ее активов будет бесконечно отстаивать свои интересы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России