Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 14.12.2022

Кемпир-Абад иши: активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

14-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына чыкты. Анда саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотуу, Кемпир-Абад иши жана башка саясий негизде камалгандарды бошотуу талабы жазылган. Ушуну менен Кемпир-Абад иши боюнча абакта ачкачылык жарыялагандардын саны сегиз адамга жетти. 14-декабрда Кыйноолорду... Читать дальше...

Чолпон-Ата: Бекетке көчкөн китепкана, ресторанга айланган маданият үйү

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук китепканасы ушул тапта автобекетте окурмандарга эшигин ачкан. Китепкананын мурдагы имараты авариялык абалда болгонуна байланыштуу кызматкерлер китептерди башка жерге ташып кетүүгө аргасыз болгон. Китепкана турган Чолпон-Атанын так борборундагы жер жеке менчикке өтүп кеткени аныкталды.

Өзбекстан Түркмөнстандан кошумча газ алуу тууралуу келишим түздү

Azattyk.org 

Өзбекстан Түркмөнстандан кыш мезгилинде кошумча 1,5 миллиард метр куб жаратылыш газын алуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу 13-декабрда Reuters агенттиги Өзбекстан өкмөтүндөгү булактын маалыматына таянып билдирди. Жылына 52 миллиард метр кубга жакын газ өндүргөн Өзбекстан күнүнө сырттан 15 миллион метр кубга жакын жаратылыш газын импорттойт. "Эми өлкөдөгү газдын жетишсиздигин жабуу үчүн кыш мезгилинде бул суммага Түркмөнстандан суткасына 20 миллион метр куб газ кошулат", - деди өкмөт өкүлү. Читать дальше...



Түркмөн газын Европага сатуу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын ортосунда соода, экономика, билим берүү жана энергетика боюнча эң маанилүү беш келишимге кол коюлду. 14-декабрда Аваза шаарында Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттери катышкан саммит өттү. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдө түркмөн газын Азербайжан жана Түркия аркылуу Европага сатуу маселеси талкуулашты. Бул демилгени президент Эрдоган көтөрүп... Читать дальше...

Бухарада Каракалпакстан окуялары боюнча сот уланууда

Azattyk.org 

Депутат Өмүрбек Бакиров анын депутаттык мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди. Кемпир-Абад ишине байланыштуу тобу менен камалгандардын айрымдары саясий куугунтуктоого каршы ачкачылык жарыялады. Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына айыпталган 22 адамдын соту уланууда.

Президент Жапаров тик учак тууралуу пикирлерге жооп берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) быйыл сатып алынган эки тик учак тууралуу суроого жооп берди. Ал тик учактарды тез жардам катары колдонсо болорун, аны бизнесмендер, чет өлкөдөн келген туристтер же катардагы жарандар деле ижарага алып өлкөнүн булуң-бурчуна учса болорун билдирди. “Тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып... Читать дальше...

Жапаров: БАЭ менен түзүлгөн келишим аркылуу деңизге чыгууга жол ачылат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча эки негизги документке кол коюлганын билдирди. Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жана “AD Ports Group” документке кол койду. Анын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко - Абу Дабидеги Халифа портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД ... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Абактагы ачкачылык, өзгөртүлгөн токтом

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активисттердин айрымдары тергөө абагында ачкачылык жарыялады. “Массалык башаламандык уюштурууга” шектелген отуздай кишинин бөгөт чарасы дагы эки айга узартылып, тергөөчүлөр аларга коюлган айыпты өзгөрткөнү белгилүү болду.



Энергокризис: Жарыкты керектөө жогорку чекке жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда суук түшкөнү электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти. Мындай кырдаалда ири аварияларга жол бербөө үчүн энергетиктер жарыкты болушунча үнөмдөөгө чакырып жатышат. Муну менен катар өлкө кышкы мезгилден чыгуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар карыз алып жатат. Ал тапта эксперттер Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыздоодо да кооптуу жагдайлар бар деп коңгуроо кагышууда. Быйыл Борбор Азиядагы бир нече мамлекетте энергокризис сезилип жаткан чакта Кыргызстанда абал кандай? Читать дальше...

Косово лидерлери Евробиримдикке мүчө болуу арызына кол койду

Azattyk.org 

Жарым-жартылай таанылган Косовонун лидерлери Евробиримдикке кирүү арызына кол коюшту. Документке президент Вьоса Османи, премьер-министр Альбин Курти жана парламенттин спикери Глаук Конюфца кол койгонун "Азаттык" радиосунун Балкан кызматы билдирди. Арыз берүү салтанаты 15-декабрда Евробиримдиктин Кеңешине төрагалык кылган (жыл аягына чейин төрагалык кылат) Чехиянын борбору Прагада өтөт.  Буга чейин Сербиянын президенти Александр Вучич Косово бийлигинин арыз бериши Приштина менен Белграддын ортосундагы келишимдерди бузарын айткан. Читать дальше...

Сасык тумоодон улам Кыргызстанда 204 мектеп карантинге жабылды

Azattyk.org 

Сасык тумоодон улам окуучулардын сабакка келбей жатканына байланыштуу Бишкекте дагы 32 мектеп карантинге жабылып, онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриядан билдиришти. 13-декабрда Бишкекте 50 мектеп текшерилип жыйынтыгында борбордогу сегиз мектеп карантинге жабылган. Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса, мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан боюнча 204 билим берүү мекемеси карантинге жабылды.

Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин кире албайт

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин киргизилбейт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 14-декабрда парламентте депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Маалымат боюнча, анча оор эмес кылмыш кылган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга беш жыл, ал эми өтө оор кылмыш жасагандар өмүр бою киргизилбейт. Журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук... Читать дальше...

Ыш маселеси: ЖКда Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушу көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында бир катар депутаттар Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Буга Бишкекте ыш маселесин чечүү боюнча маалымат берүүгө Эмилбек Абдыкадыровдун келбегени, кара түтүн менен күрөшүүгө чара көрбөгөнү негиз экени айтылды. Депутат Айбек Алтынбеков ушундан улам калаа башчысынын кызматын кароо сунушун берди. “Бишкек ыш. Маселени чечүүгө биринчи кезекте мэр кызыкдар болушу керек. Шаардын тазалыгы, Бишкектин жашоочуларынын ден соолугу мэрдин көзөмөлүндөгү иш. Читать дальше...

УКМК Кара-Көлдө тергөөчү жана адвокат пара менен кармалганын маалымдады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү (А.М.Ш.), адвокат (Т.З.М.) жана жеке аудитор (Т.С.Т.) 100 миң сом пара менен кармалганын билдирди.  Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, арыздануучу адамга (Б.К.С.) кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган. Козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.

Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары аскерлерден кечирим сурады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Каракалпакстан окуяларына айыпталган 22 адамдын соту уланууда. 12-13-декабрда күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү угулганын “Газета Уз” жазды. Жалпысынан 200дөн ашуун жабырлануучунун көрсөтмөсү угулду. Көбү аскер кызматкерлери жана күч органында иштегендер. Алар Өзбекстандын башка аймактарынан видео байланыш менен катышышты. Жабырлануучулардын арасында мүлкүнө келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылгандар да бар. 13-декабрда айыпталуучулардын бир канчасы аскерлерден кечирим сурады. Читать дальше...

Кытай менен Индиянын чек арасында аскерлер кагылышты

Azattyk.org 

Интернетте Индия менен Кытай аскерлери чек арада кагылышканы тартылган видеотасма тарады. Аны Эркин Азия радиосу да Ютуб каналына жарыялады. Кагылышуу 9-декабрда Индиянын түндүк-чыгышындагы Аруначал-Прадеш штатында, Тибет менен чек арага жакын жерде болгону айтылууда. Индиянын Коргоо министри Ражнат Сингх кытайлык аскерлер Индия менен Кытайдын ортосунда чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн айтты. Кытайдын аскерий өкүлү тескерисинче, чек арадан Индиянын аскерлери өткөнүн билдирди. Кытайдын Тышкы... Читать дальше...

АКШда окумуштуулар термоөзөктүк реактордон биринчи жолу көп энергия алышты

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын Ливермор улуттук лабораториясынын окумуштуулары термоөзөктүк электрстанцияларын түзүүдө маанилүү жеңишке жеткенин жарыялашты.  Алар биринчи жолу термоозөктүк реактордон аны иштетүүгө сарпталгандан көп энергия алынганын маалымдашты.   Бул - келечекте арзан жана экологиялык таза энергиянын негизи делген термөзөктүк синтезге карай маанилүү кадам. Эксперименттин жыйынтыгы лабораторияга ээлик кылган АКШнын Энергетика министрлигинин сайтында түз эфирде көрсөтүлдү. Илимпоздор... Читать дальше...

Жаңы Зеландия 2008-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки чегүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Жаңы Зеландия келечек муунга тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. The Guardian басылмасынын жазганына караганда, мындан ары тамеки 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө сатылбайт. Эреже бузгандар 150 миң Жаңы Зеландия доллары (96 миң АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөйт. Тамеки атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Андай дүкөндөрдүн саны 6 миңден 600гө чейин кыскарат. Мыйзамга ылайык, тамекиде никотиндин көлөмү азайтылууга тийиш. Өлкөнүн саламаттык сактоо... Читать дальше...

ЖКда депутаттарга чек арадан чыгууга тыюу салынган окуялар көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев былтыр чет өлкөгө иш сапары менен кетип баратып ага сыртка чыгууга тыюу салынганын чек арадан гана билгенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, депутаттарга чет жакка чыгууга бөгөт коюу туура эмес экенин кошумчалады. “Мени Чек ара кызматы кармап өткөрбөй койду. Буга эмне себеп экенин түшүндүрүп да бере алышкан жок. Мен качан гана УКМКнын төрагасына (Камчыбек Ташиев-ред) телефон чалгандан кийин чектөө алынды. Эмнеге, кайсы иш боюнча эч ким түшүндүргөн жок. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России





Rss.plus
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)




Сегодня в России отмечается День работника скорой помощи

Посол Армении в ЕС Балоян: Попытки подорвать интересы России на Кавказе будут самоубийственными

Когда в 2024 году Страстная неделя, церковные и народные традиции на этот период

Власти Москвы разрешили бесплатную парковку в столице в дни майских праздников




Чаткалда сулуулук салонун ачкан Айжамал

Azattyk.org 

Айжамал Асилбекова Чаткалда «Жасмина» аттуу айылдык кыз-келиндер көп каттаган сулуулук салонун ачкан. Район борборунда жайгашкан жалгыз салондун кардарлары көп. Айжамал мындан улам шакирттерди таптап, аларды өзүнчө жардамчы кылып ишке алган.

Кемпир-Абад иши: абакта ачкачылык жарыялагандардын саны жетиге жетти

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып камакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирип, борбордун... Читать дальше...

Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жугуштуу вирустук гепатит оорусунун В түрүнө карата акысыз эмдөө башталат. Бул тууралуу 14-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Орусия Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы инфекциялык оорулар менен күрөшүү боюнча программасынын алкагында Кыргызстанга гепатиттин В түрүнө каршы 450 миң доза вакцина берди. Бул 150 миң кыргызстандыкты акысыз эмдөөгө шарт түзөт. "Эмделе тургандардын тизмеси такталууда. Улам-улам кан куйдурган бейтаптар, гемодиализ алгандар... Читать дальше...

15-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8, Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10. Читать дальше...

Байден бир жыныстуу нике тууралуу мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден шейшемби күнү бир жыныстуу жана расалар аралык никени мыйзамдаштырган "Никени сыйлоо мыйзамына" кол койду. "Бүгүн эң сонун күн! Америка айрымдар үчүн гана эмес, бардыгы үчүн теңдик, эркиндик жана адилеттикке карай чоң кадам таштаган күн", - деди Жо Байден кол коюу аземинде. Мыйзам долбоорун мурда Конгресстин эки палатасындагы мыйзам чыгаруучулардын басымдуу көпчүлүгү жактырган. 1996-жылы Конгресс никени аял менен эркектин союзу катары аныктаган "Никени коргоо мыйзамын" кабыл алган. Читать дальше...

Баткен ардагерлери тийиштүү колдоо көрбөй жатканы айтылды

Azattyk.org 

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында душманга каршы күрөшкөн аскер кызматкерлеринин макамын аныктоо жана аларга мамлекеттен колдоо көрсөтүү маселеси бүгүн 14-декабрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар ошол кездеги Баткен окуясынын да, чек арадагы кийинки окуялардын да ардагерлери колдоого муктаж экенин айтышты. Депутат Кундузбек Сулайманов "Демек, террористтер келгенде катышкандар эсепке алынбай калдыбы, аларды колдоп жатып, эми иш өтүп кеткенден кийин алардын кереги жок болуп калдыбы?" деп суроо койду. Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: К открытию Троицкой линии территории возле новых станций благоустроят



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России