Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 16.12.2022

Стамбулда оппозицияны колдогон митинг эки күн уланды

Azattyk.org 

Стамбулда миңдеген тургун шаардын мэри Экрем Имамоглуну колдоп эки күн катары менен митингге чыкты. Кемпир-Абад боюнча камалгандар арасынан ачкачылык жарыялагандар 20га жетти. Дем алуу органдарынын жугуштуу оорусуна чалдыккан балдар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер онлайн окутууга өттү.

Твиттердин мурдагы кызматкери "тыңчылык кылган" деп соттолду

Azattyk.org 

Сан-Францискодо сот Твиттердин мурдагы кызматкери Ахмад Абуаммону Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык кылган деп айыптап, үч жарым жылга эркинен ажыратты. Reuters кабарлагандай, прокурор аны жети жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Абуаммо 2013-2015-жылдары Твиттерде иштеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал сауд диссиденттерин аңдып, алардын жеке маалыматтарын Сауд Арабия бийлигине берип турган. Бул иш үчүн ал сауд бийлигинен 200 миң доллар жана кымбат саат алганы айтылат. Ошондой эле Абуаммо сауд... Читать дальше...

Адвокат абакта жаткан Орозайым Нарматованын абалы начарлаганын кабарлады

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалып, тергөө абагында ачкачылык жарыялаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы начарлаганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди. “Бүгүн түштөн кийин алсыздыктан эсин жоготкон. Анын ашказаны буга чейин эле ооруп жүргөн. Дарыгерлер “алсыз болуп атасың, глюкоза сайыш керек” десе макул болгон эмес. Ушундан кийин ашказанынын оорусун басыш үчүн дары сайышыптыр. Читать дальше...



Президенттин сынынан кийин Ташкент мурда тыюу салынган автобустарды сатып алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин транспорт системасын сынга алгандан кийин шаарга 120 автобус алып келинди. Анын ичинен 100ү президенттин жарлыгы менен 2018-жылы тыюу салынган Isuzu үлгүсүндөгү кичиавтобустар. Ташкент шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 13-декабрда Шавкат Мирзиёев транспорттук тейлөөнү жакшыртууну тапшырган. Андан соң коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн мекемелер аралык ыкчам штаб түзүлгөн. 14-декабрда Ташкентке MAN A22 үлгүсүндөгү көп... Читать дальше...

"Башкача грипп экен". Тумоодон улам мектептер онлайн окууга өттү

Azattyk.org 

Балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Саламаттык сактоо министрлиги 16-декабрга карата акыркы бир күндө тумоологон 10 миңге чукул адам ооруканага кайрылганын маалымдады. "Ооруканадагы кезек сыртка чыгып калыптыр" Бишкектин тургуну Наргиза Эргешова төрт баласы менен кошо өзү да ооруп жатканын, өзгөчө төрт жаштагы кичүү баласы катуу кыйналганын айтып берүүдө. "Бул жолку грипп башкача оор келди. Читать дальше...

Гаага соту Косово армиясынын мурдагы командирин 26 жылга эркинен ажыратты

Azattyk.org 

Гаага соту жарым-жартылай таанылган Косовонун боштондук армиясынын мурдагы командири Салих Мустафаны 26 жылга эркинен ажыратты. Ал согуш кылмыштары үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул Косоводогу кылмыштар боюнча Гаага трибуналынын биринчи өкүмү экенин "Азаттык" радиосунун Балкан кызматы билдирди. Сот Мустафаны кыйноого, мыйзамсыз кармоого жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деген бүтүм чыгарган. Тергөөгө ылайык, Мустафа кеминде алты косоволук албанды кармаган топту жетектеген. Алар сербдер менен кызматташкан деп айыпталган. Читать дальше...

Алматыда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөлөрү кармалды

Azattyk.org 

16-декабрда Алматыда "Oyan, Qazaqstan" жарандык кыймылынын алты активисти кармалды. Активист Асем Жапишева полиция кыймылдын мүчөлөрү Бота Шарипжанды, Нагашыбек Бекдаирди жана Бауржан Адилханды үйлөрүнөн кармап кеткенин билдирди. Көп өтпөй ал өзү да кармалган. Укук коргоо органдарынан азырынча комментарий боло элек. Өткөн жылы да 16-декабрда аталган кыймылдын активисттери кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулган. "Oyan, Qazaqstan" кыймылын жаштар 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан... Читать дальше...

Бишкек мэрин кызматтан алуу сунушу ЖК токтомуна киргизилген жок

Azattyk.org 

15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарын каптаган ыш көйгөйүн талкуулаган жыйындын соңунда кабыл алынган токтомго президентке Бишкектин мэри кызматтан алууну сунушу киргизилген жок. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров 16-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда айтты. “Анча-мынча депутаттар “мэрдин жоопкерчилигин караш керек” деген маселени көтөрүштү. Бирок ал токтомдо жок”, - деди мэр. 15-декабрда парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу Бишкектин... Читать дальше...



Грузиянын депутаттары парламент имаратында ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили жетектеген “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын төрт депутаты парламент имаратында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Алар экс-президентти борбордогу Vivamedi ооруканасынан европалык клиникага тез арада которууну талап кылып жатышканын "Азаттык" радиосунун Тбилисидеги кабарчысы 16-декабрда билдирди. Эки күн мурда экс-президент өзү ачкачылык жарыялап, бирок көп өтпөй Европарламенттин депутаттарынын өтүнүчү менен токтоткон. Ачкачылык кармаган депутаттар... Читать дальше...

Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 70 студентке президенттик стипендияларды тапшырды. Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров анда өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдой турганын айтты. “Мамлекетибиздин негизги ресурсу - интеллектуалдык көрөңгөсү бай, идеялары оргуштаган демилгелүү жаштар - студенттер. Өлкөбүздүн келечеги да жаңы-жаңы ачылыштар, табылгалар... Читать дальше...

Өмүрүн поэзияга арнаган Өмүрканов

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун "Байдылда жөнүндө кыска баян", "Асылдар", "Ак тилек" аттуу китептери жарык көрдү. Өзүнөн улуу муундагы классик акындардын көчүн улаган калемгер учурда да чыгармачылык менен кызуу алектенүүдө. Акын өлкөдөгү адилетсиздик, Мекен алдындагы атуулдук жоопкерчилик жана махабат темаларын ырларына өзөк кылып келе жатат.

Декларацияда мүлкүн көрсөтпөгөн мамкызматкерлер айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык персоналды сертификациялоо бөлүмүнүн улук инспектору (Т. А. А.) салык декларациясында үч автоунаасын жана бир айдоо жерин көрсөтпөгөндүктөн беш миң сом айыпка жыгылганын билдирди. Башкы көзөмөл органы андан тышкары Жерде жүрүүчү транспорт департаментинин жана “Түндүк” темир жол, “Манас”, “Баткен”, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери да бирдиктүү салык декларациясын талаптагыдай толтурбаганы аныкталганын кабарлады. Транспорт... Читать дальше...

Абакта ачкачылык кармагандар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Абакта 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрү - Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Айданбек Акматов, Акылбек Айтбаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бусурманкулов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров жана Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылды. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууда Кыргызстанда сот... Читать дальше...

Минскиде Олимпиаданын байге ээси Надежда Остапчук кармалды

Azattyk.org 

Минскиде укук коргоо кызматкерлери белгилүү беларус спортчусу, 2008-жылдагы жайкы Олимпиаданын ок атуу боюнча мелдешинде коло байге алган Надежда Остапчукту кармады. Бул тууралуу "Хартия-97" кабарлады. Кармоонун себеби белгисиз, бирок буга чейин Остапчук бир нече жолу Александр Лукашенконун саясатын, бийликти сындагандарды куугунтуктоону ачык айыптаган. Остапчук 2005-жылы Европа чемпионатында уткан алтын медалын аукциондо 11 100 долларга сатып, андан түшкөн каражатты Лукашенко режиминен жапа... Читать дальше...

Стамбулда тургундар мэрдин соттолушуна каршы митингге чыгышты

Azattyk.org 

Стамбулдун миңдеген тургундары шаардын мэри Экрем Имамоглуну колдоп экинчи күн катары менен митингге чыгышты. Буга чейин сот аны Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн кемсинткени үчүн эки жыл, жети айга эркинен ажыраткан. Имамоглу 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдогандын ыктымал атаандашы катары каралууда. Соттун чечими күчүнө кирсе, саясатчы Стамбулдун мэрлигинен алынып, шайлоого катышууга тыюу салынат. 14-декабрда чыккан сот чечимине каршы Конституциялык сотко апелляциялык арыз берилиши мүмкүн. Читать дальше...

Болот Назаровдун сотунда жабырлануучулар көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча кийинки соттук отурум 27-декабрда болот. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Шектүүнүн адвокаты Бакытбек Автандил уулу Чүйдүн Москва райондук сотунда өткөн биринчи жараянда жабырлануучу тарап көрсөтмө бергенин, алар Болот Назаровго доосу жок экенин айтып соттон ишти кыскартууну суранганын билдирди. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акынды 9-ноябрда Чүйдүн... Читать дальше...

Улуттук банк көчмө жыйынын Баткенде өткөрдү

Azattyk.org 

Улуттук банк Баткенде өлкөдөгү каржылык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңири көчмө жыйын өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 15-декабрда өткөн жыйынга коммерциялык банктардын, каржы-насыя уюмдарынын Кыргызстандын банктар союзунун, Чакан каржы уюмдар ассоциациясынын, Кепилдик фондунун, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты. Баткен жана Ош облустарынын чек ара чырынан жабыркаган тургундарына колдоо көрсөтүү маселеси менен катар алардын насыя көйгөйүн чечүүгө жардам берүү сунуштары талкууланды. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Таалайбек Мадаминов да ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

16-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Анын ачкачылык жарыялоо тууралуу катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына чыгарды. Анда бийликке саясий куугунтукту, сөз эркиндигине жана Жогорку Кеңешке басымды токтотуу талабы жазылган. 15-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын саны 19га жеткен. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6, Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9. Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот.


Музыкальные новости
Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»





Rss.plus
ВДНХ

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Блогер Тамаев попал в аварию в Москве

Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП в районе "Москва-Сити"

Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП около Москва-Сити

The Telegraph сообщила о планах Британии создать собственные ракеты к 2030 году




"Киотого кеткен жол": Мурза Гапаровго арналган аңгеме

Azattyk.org 

Пенде баласынын кыялынан учкул эч нерсе жок болсо керек. Алыскы жапан жериндеги Киотого барууну эс тартканы ойлой баштаган. Андан башка жер көзүнө көрүнбөй, сыйкырдуу кооздук ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей туруп алган. Жылкычы Жапиевдин Мурза Гапаровго арнаган “Киотого кеткен жол” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз. Кара-Көл Кийин чоңойгондо Киотого бармак болуп үч ирет камынып жолго чыккан. Узак сапар баратып жолдон Кара-Көлгө азгырылып, ошол жерде буйдалып, Киотого барбай калган. Кара-Көл мактаса мактоо жарашчу бир керемет жер экен... Читать дальше...

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан үч киши аман табылды

Azattyk.org 

Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылганын 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине төрт куткаруучу унаа менен чыгып, аларды таап келишкен. Учурда баарынын абалы жакшы. Чаткалда алтын кени казылат.

“Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузиядан кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстандагы “Финико” каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Грузияда Интерпол уюму аркылуу кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 49 жаштагы шектүүгө (Э.М. аял киши) Кыргызстандын укук коргоо органдары ири каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен издөө жарыялаган. Ал Бишкектеги Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Тбилисиде колго түшкөн. Шектүү Бишкекте эле каржы пирамидасынын 15тен ашык филиалын ачкан. 2019-2021-жылдары... Читать дальше...

Аптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар айдын башында аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, бүгүн 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашты. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 16-декабрда сасык тумоо 9382 адамда аныкталды. Сасык тумоо өткөн аптада көбөйө баштаган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон. Бейтаптардын 68% 14... Читать дальше...

УКМК: Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри (А.А.А.) кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2019-2021-жылдар аралыгында “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу үчүн, ишканадан көп өлчөмдө бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталган. Ошондой эле тергөө “Бишкексветтен” 2 млн. 300 миң сом уурдалганын тактаган. 2016-2019-жылдары “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын... Читать дальше...

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 15-декабрда палатанын төрагалыгына талапкерлигин койгон тогуз кишинен ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырды. Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер: Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев. “INTEGRA Engineering Group” ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов. “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси 19-декабрда шайланат. Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Карен Хачанов

Хачанов обыграл Баутиста-Агуту в третьем круге «Мастерса» в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Известный блогер Тамаев попал в ДТП на люксовом авто около «Москва-Сити»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России