Катар-2022: Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. 18-декабрда Франция менен Аргентинанын финалдык беттеши "Лусаил" стадионунда өттү. Оюндун биринчи жарымында аргентиналыктар талааны толугу менен көзөмөлгө алып, удаа-удаа чабуулга өтүп жатты. Эсепти 23-мүнөттө команданын капитаны Лионел Месси ачып, Аргентина алдыга чыкты. Андан 13 мүнөттөн кийин оюндун 36-мүнөтүндө Ди Мария гол киргизип, эсеп 2:0 болду. Экинчи таймда француздар оюнду жандуу баштап, эки топту каршылашынын дарбазасына таамай тээп киргизе алды. Читать дальше...