Иран: элдик толкундоо эмне менен аяктайт?
Иранда үч айдан бери уланып жаткан каршылык акцияларынын эки катышуучусу дарга асылды. Бийликтин мындай аракеттерине карабай Ислам жумуриятынын аймактарында толкундоолор токтогон жок. Аялдардын укуктарын коргоп чыккан эл эми экономикалык, социалдык жана саясий талаптарды коюуда.