Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 25.12.2022

"Жашоо тозокко айланып баратат". Талибдер аялдарга дагы бир чектөө койду

Azattyk.org 

Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешине тыюу салгандан кийин бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү ишмердигин токтото баштады. Ооган кыз-келиндери жаңы эрежелер кыял-максаттарын кыйратып, жашоо тозокко айланып баратканын билдиришүүдө. Талибдердин Экономика министрлигинин маалыматына караганда, исламдык дресс-код эрежесин карманбаганы үчүн бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге жумушка чыкпоо буйругу берилди. Бул буйрук оогандык аялдарга гана тиешелүүбү... Читать дальше...

Ооганстан: Аялдарга салынган тыюудан кийин үч уюм ишин токтотууда

Azattyk.org 

Бир катар чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты. Save the Children, Норвегиянын Качкындар Кеңеши жана CARE уюму аял-кызматкерлерсиз өлкөдөгү кыз-келиндерге жана балдарга көмөк көрсөтө албай турганын билдиришти. Норвегиянын Качкындар кеңешинин Ооганстан боюнча башчысы Нил Тернер Ассошиэйтед Пресс агенттигине: "Биз бардык маданий нормаларды сактадык. Элдин аялуу катмарына, аялдарга көмөк көрсөтүү үчүн биз аял кызматкерлерге муктажбыз", - деди. Анын белгилешинче... Читать дальше...

Бийлик кыргыз-тажик чек арасын майга чейин тактоону көздөйт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жумушчу сапарында быйыл сентябрдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук жана башка айылдарында үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин көрдү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар коопсуздук жана чек ара маселесин тез арада чечүү, пайызсыз насыя алуу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жапаров чек араны келерки жылы май айына чейин тактоо ниетин айтканын жолугушууларда президентти коштоп жүргөн жергиликтүү жетекчилер билдиришти. Читать дальше...



Villa V Club ресторанында чыккан өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 25-декабрда эртең менен катталган тилсиз жоо саат 16:00гө жакын толук өчүрүлдү. Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөштү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Расмий маалыматтарга караганда... Читать дальше...

HRW Өзбекстандагы Маалымат кодексинин долбоорун сындады

Azattyk.org 

Өзбекстандын президентинин аппаратына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги Маалымат кодексинин долбоорун артка чакыртып алуусу керек. Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 23-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат. Уюм эгер бул кодекс кабыл алынса, сөз эркиндигинин бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт. "Мыйзам чыгаруучулар пикир эркиндиги жана дискриминацияга жол бербөө принциби үчүн олуттуу кесепеттерди эске албай туруп, бул мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылбашы керек. Читать дальше...

Милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топту калкалаган деп айыпталууда

Azattyk.org 

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялады. Атайын кызмат тартип сакчыларын кылмыштуу топту "калкалап жүргөн" деп айыптап жатат. УКМК тараткан маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шектелип жаткан бул иш быйыл, 7-ноябрда болгон экен.... Читать дальше...

Кадамжайдагы комбинат айына 200 тонна сурьма чыгарууну пландап жатат

Azattyk.org 

Ушул тапта айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарып жаткан Кадамжай сурьма комбинаты, айлык көрсөткүчтү 200 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна кен казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткириле турганы президент Садыр Жапаров 25-декабрда аталган комбинаттын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтылды. Мамлекет башчыга 1936-жылы ишке киргизилген ишкана 2021-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен ишмердүүлүгү жакшырганы айтылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Читать дальше...

Бишкек абасы булганган шаарлардын тизмесинде сап башына чыкты

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 25-декабрга карата индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Пакистандын Лахор шаары, Түндүк Мокедониянын Скопье, Бангладештин Дакка, Индиянын Дели шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат. Азыр шаардын борборунда абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 230га жакындады. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Читать дальше...



Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

26-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым райондорго туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-5, күндүз 1…6; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11; Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градуска жетет. Читать дальше...

Villa V Club ресторанында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Azattyk.org 

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында 25-декабрда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аны өчүрүүгө саат 11лер чамасында өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөшүүдө.​ Өрт саат 12:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок. ​ Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Читать дальше...

Ысык-Көл: Хоккейчи кыздардын кыялы

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Отрадное айылында хоккей спорту боюнча кыздардын жалгыз командасы формасы, шарты жок болгондуктан, көп мелдештерге катышпай калат. "Азаттык" алар тууралуу үч жыл мурун видео тартып, Швейцариядагы мекендештер форма алып беришкен. Спортчу кыздар тууралуу тасма, клип да тартылган.

Президент Жапаров Баткенде "Достук" чек ара тозотунун абалы менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында "Достук" чек ара тозотуна барды. Мамлекет башчы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын белгиледи. “Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди”, - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

УКМК Кочкордо кармалган үч милиция кызматкерин кое берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармаган беш милициянын үчөөсүн бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Жумабеков билдирди. “Бул ишти УКМК карап жатат. Азырынча, бизге эч кандай маалымат бере элек. Кечээ беш милиция кызматкерин алып кеткен. Үчөөнү кое беришти. Алар аймактык тескөө бөлүмүнүн жетекчиси, тергөөчү жана участкалык милиция кызматкери. Ал эми Кочкор... Читать дальше...

“Талибан” бейөкмөт уюмдардагы аялдардын ишке келишине тыюу салды

Azattyk.org 

Ооганстанда бейөкмөт уюмдарга аялдардын иштөөсүнө тыюу салуу буйругу берилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги талибдердин Экономика министрлигинин катына таянып жазды. Документте талибдердин исламдык дресс-кодун карманбаганы үчүн бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге кийинки эскертүүгө чейин жумушка келүүгө тыюу салынганы айтылат. Министрликтин өкүлү Абдулрахман Хабиб бул кат Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүү программасы боюнча координациялык агенттикке (ACBAR) кирген уюмдарга жөнөтүлгөнүн Reuters агенттигине билдирди. Читать дальше...

Алдыңкы спорт федерацияларына колдоо иретинде 4 млн. сом берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети (УОК) өнөктөштөрү менен бирге алдыңкы спорт федерацияларына төрт миллон сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, колдоо максатында Кыргызстандын күрөш федерациясына 2 миллион сом, Бокс федерациясына 1 миллион сом, Кайык спорту жана оор атлетика федерацияларына 500 миң сомдон берилди. "Биздин өнөктөштөр "Альянс Алтын" жана "Бакай Банк" менен биргеликте... Читать дальше...

Париждеги башаламандыкта 11 киши кармалды

Azattyk.org 

Франциянын борбору Парижде күрддөрдү эскерүү демонстрациясынан кийин тополоң чыгып, кеминде 11 киши кармалды. Башаламандык маалында 31 полиция жана бир демонстрант жеңил жараат алышканын Le Monde гезити жазды. Республика аянтында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы башталгандан бир сааттан кийин акциянын катышуучулары полиция кызматкерлерине ар кандай буюмдарды ыргыта башташкан. Полиция аларга жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Эки тараптуу кагылышуу эки сааттай улангандан кийин демонстранттар тарап кетишкен. Читать дальше...

УКМК кылмыштуу топ менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук бюонча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында 24-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген К.Асанбек атуу жаран менен бирге жалпысынан беш киши УКМКнын тергөө абагына камалды. “7-ноябрда кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин биринде болушуп, мекемени өрттөйбүз деп... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Маркетолог Родочинская: новая девушка Тимати копирует Решетову ради бизнеса




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Арина Соболенко

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России