Тоолуу Бадахшанда кармалган журналист 21 жылга кесилди
Тажикстандын Жогорку соту башаламандык уюштурууга айыпталган журналист жана активист Улфатхоним Мамадшоеваны 21 жылга абакка кести. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, апта башында чыккан өкүм эми гана белгилүү болду. Жогорку сот бул тууралуу комментарий берген жок. Мурдараак айыптоочулар аны 25 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн. Мамадшоевага каршы Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” деген айып да тагылган. Читать дальше...