Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 27.12.2022

Баткенди калыбына келтирүү иши сынга кабылды

Azattyk.org 

Баткенде талкаланган 400дөн ашуун үйдүн экөө толук курулуп бүттү. Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта ачкачылык кармап жаткан активист Орозайым Нарматова сотто эс-учун жоготуп, "Тез жардам" чакырылды. Өзбек президенти Мирзиёевди сындаган блогер Абдукодир Муминовду белгисиз адамдар сабап кетти.

УКМК: Жамгырчиев мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат таратты. Ал Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болчу. "Депутат Жамгырчиевдин өзү да текшерүүнүн жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн бир нече жолу УКМКга чакырылды, бирок анын кай жерде экенин билүүгө жана атайын техниканын табылышы тууралуу фактыны ырастоого мүмкүн болгон жок.... Читать дальше...

Ооганстандын Файзабад шаарындагы жардырууну "ИМ" тобу моюнуна алды

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясында "Талибандын" коопсуздук күчтөрүнүн жооптуу кызматкерин өлтүргөн чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук тобу өзүнө алды. Талибан бийлигинин ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 26-декабрда Файзабад шаарындагы полициянын баш кеңсесинин жанындагы мина орнотулган автоунаа жарылып, аймактык коопсуздук кызматынын башчысы Абдулхак Абу Омар жана эки киши каза болгон. Бадахшан провинциясы түндүгүнөн Тажикстан, чыгышынан Кытай, түштүк-чыгышынан Пакистан менен чектешет.



Өмүрбек Бакиров УКМКга сурак берип чыкканын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал эки сааттай суралганын, суроолор эч кайсы ишке байланыштуу эмес экенин белгиледи. "Ким менен жолуктуңуз, каяктарга барасыз деген өңдүү эле суроолор берилди",-деди Бакиров. Атайын кызмат депутаттын суракка алынышы боюнча расмий маалымат бере элек. Буга чейин Бакировдун мандатына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. 13-декабрда Бишкек шаардык административдик... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын арызы четке кагылды

Azattyk.org 

Массалык башаламандыкка айыпталып кармалган отуздай саясатчы, активист, блогерлердин бөгөт чарасы 26-27-декабрда Бишкек шаардык сотунда каралып, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 20-февралга чейин узарткан.  Ачкачылык кармагандардын абалы Эки аптадан бери ачкачылык кармап жаткандардын бири Орозайым Нарматованы сот залына абак кызматкерлери жөлөп-таяп алып келишти. Отурум башталганда Нарматова эстен танып, кулап түшүп, "Тез жардам" кызматы алып кетти. Читать дальше...

УКМК укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам чегинде иштөөгө чакырды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-декабрда мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтык милдетин так аткарууга чакырды. Анда кызматына шалаакылык менен мамиле кылгандарга мыйзамда жаза каралганы эскертилген. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кармалышын кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана кылмыштарды жашыруу фактыларынын далили катары санаган. "Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип... Читать дальше...

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтоду

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтотулганын 27-декабрда билдирди. Буга "балага сүйүнчү" борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгон. Төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштай турганы кабарланды. Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет. Буга чейин 24.kg басылмасы окурмандарынын бири балага сүйүнчү пул которулбай жатканын, калкты тейлөө борбору муну каражаттын жоктугу менен түшүндүргөнүн жазган. Читать дальше...

Жапонияда калың кардан улам 20дай адам каза тапты

Azattyk.org 

Жапонияда жааган кардын кесепетинен кеминде 17 адам каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганын Associated Press 26-декабрда билдирди. Каза болгондордун жана жабыркагандардын көбү чатырдагы карды тазалап жатканда кулап кетишкен. Бийлик тургундарды көчөдө сак болууга чакырууда. Жапонияда 17-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн айрым аймактарында кар нормадан үч эсе көп жааган. Өлкөнүн түндүгүндө калың жааган кардан улам электр зымдары үзүлдү. Натыйжада 20 миңге жакын үй бир нече саатка жарыксыз калган. Читать дальше...



Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтердин долбоору даярдалды

Azattyk.org 

Ош шаарында 23-27-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. "Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп жазылган маалыматта.   Жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюп, кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтө турган болду. Читать дальше...

Баткен: Кечиккен курулуш, ачууланган депутаттар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Баткен облусунда быйыл сентябрдагы чек ара чатагында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Бир катар депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылды. "Октябрдан бери эки гана үй​ бүткөрүлгөн" Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде быйылкы жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек ара чатагы маалында талкаланган Баткен облусундагы турак-жайларды калыбына келтирүүнүн жүрүшү талкууланды. Читать дальше...

Айдоочулар GoBus автобусун милициянын кийлигишүүсүнөн кийин өткөрдү

Azattyk.org 

27-декабрда Бишкектеги эски аянтта Караколго жөнөгөн GoBus шаттлын тосуп турган айдоочулар аны милициянын кийлигишүүсүнөн кийин кое берди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлү Марс Черикчиев "Азаттыкка" билдирди. "Автобуста Орусиядан келген туристтерди жана жергиликтүү жүргүнчүлөрдү кошкондо 30дан ашык адам бар болчу. Алар GoBus тиркемесинен алдын ала билет сатып алышкан. Бул - мамлекеттик долбоор, биз маселени жерине барып текшеребиз", - деди Черикчиев. Буга чейин жүргүнчүлөрдүн бири... Читать дальше...

"Акундун" айланасындагы талаш: 14 жылдан кийин жокко чыккан чечим

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы "Акун" пансионатынын жеке менчигине 17, 65 гектар жер тилкеси майзамсыз берилгенин билдирди. Эс алуу борбору Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Алар пансионатты мындан 24 жыл мурун мыйзамдуу сатып алганын айтып жатышат. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту "Акун Ысык-Көл" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган. Читать дальше...

ЖАМК: абактагы он киши ачкачылык кармоону токтотту, төртөө улантууда

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, ачкачылык кармап жаткандардын ичинен он киши тамак иче баштады. Алардын арасында бул ишке айыпталып жаткан алты аял да бар. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, ушул тапта төрт киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Мекеме алардын аты-жөнүн айткан жок. Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Читать дальше...

Тоолуу Бадахшанда мурдагы депутат 6,5 жылга эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мажилисинин экс-депутаты, Хорог шаарынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Тохир Абдолбеков 6,5 жылга эркинен ажыратылды. Хорог шаардык сотунун өкүмү 22-декабрда чыкканы тууралуу кабар 27-декабрда жарыяланды.  "Озоди" радиосу өз булагына шилтеме кылып кабарлагандай, өкүм окулуп жатканда соттолуучунун адвокаты болгон эмес. Абдолбеков "Экстремисттик коомдоштукту уюштуруу", "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар жана продукцияларды өндүрүү... Читать дальше...

Мыйзамсыз ташып келинген унаалардын маселесин комиссия карайт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Министрлер кабинети чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруу багытында комиссия түзгөнү кабарланды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов парламенттин тармактык комитетинин 27-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал комиссиянын алдында түзүлгөн жумушчу топ өлкөгө мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруу жагын Казакстандын мисалында карап жатканын белгиледи. "Бул бир жолку гана акция болот. Читать дальше...

Баткен: Үйлөр убагында бүткөн жок, курулуш компаниясын жоопко тартуу сунушталды

Azattyk.org 

Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруп бере турган компания өз милдетин аткарбаганы бүгүн 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдиргендей, «Аманат Курулуш Инвест» компаниясы үйлөрдү жаңы жылга чейин куруп бүтмөк, бирок жетишкен жок. Өкмөт тийиштүү 1 миллиард 400 миллион сомун бөлүп берген, бирок бүгүнкү күнгө карата... Читать дальше...

Шаардык сот Асия Сасыкбаева менен Таалайбек Мадеминовду абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча саясатчы Асия Сасыкбаева жана активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Мунун алдында шаардык сотто 9 кишинин бөгөт чарасы каралып, бардыгы тең абакта калтырылган. Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан... Читать дальше...

Өзбекстан: "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган балдар 18ге жетти

Azattyk.org 

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган балдардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди. Жызак, Кашкадарыя, Навои жана Самарканд облустарында жарыкчылык менен кош айтышкан наристелердин 15и үчкө чыга элек, калганы алты жашка чейинкилер. Үч бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 15-декабрда Самарканд облусундагы Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун башкы дарыгери "Док-1 Макс" дарысын ичкен 21 балада "бөйрөктүн бузулушунун... Читать дальше...

Мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Миграция боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 27-декабрда Бишкекте өткөн жыйынында Кыргызстан өз жарандарын Орусиянын "кара тизмесинен" чыгаруу маселесин көтөрдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар мигранттарды кармоо, камакка алуу, өлкөдөн чыгаруу жана депортациялоо фактылары жөнүндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кабарлоону макулдашты. Анда миграцияга чейинки даярдоо борборлорун ачуу... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Андрей Губин дал интервью в маске и заявил, что стал очень плохо выглядеть





Rss.plus
Кубок

Хоккейный турнир за Кубок Каменского стартовал в Воскресенске




Рядом с Морозовской школой в Орехове-Зуеве появилась новая липовая роща

В ЕС отреагировали на решение о передаче во временное управление компаний из Европы

Пассажиры «Мострансавто» более 2 млн раз проехались до аэропортов с начала года

Полиция проверит задержки возврата денег клиентам криптобиржи Beribit




Кемпир-Абад иши: Нарматова сот залында жыгылып, "Тез жардам" чакыртылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын карап жаткан учурда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы начарлап, кулап туштү. Аны конвой залдан көтөрүп чыгып, жараян 28-январга жылды. Сотко "Тез жардам" келди. Шаардык сот бүгүн Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын кароону уланткан. Ушул убакытка чейин 10 кишинин арызы каралып, бардыгы абакта калтырылган. Муну... Читать дальше...

Сербия аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди

Azattyk.org 

Сербия жарым-жартылай таанылган Косово Республикасы менен чек арадагы куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Бул тууралуу Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич билдирди. Сербиянын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрү да күжүрмөн даярдыкка өткөрүлдү. Тиешелүү буйруктарды өлкөнүн президенти Александр Вучич берди. Коргоо министри муну Сербиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо деп сыпаттады. 26-декабрда Косовонун бийлиги куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтирген. Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

28-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...

Баткен: Убада кылынган 400дөн ашуун үйдөн пайдаланууга берилгени экөө экени белгилүү болду

Azattyk.org 

Баткенде чек ара каргашасында талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөөнүн курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилгени 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, 420 үй жабыркаганы аныкталган (бирөө Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда жана 104ү Лейлек районунда), алардын 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө. Читать дальше...

Жаңы жылга карата 12 миң милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлеринин даярдыгын көрүп, майрамга байланыштуу 12 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын билдирди. Жапаров милициянын алдында жол коопсуздугун күчтөндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка, өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга... Читать дальше...

Милиция Сузакта дайынсыз жоголгон келиндин өлүмүнө шектүүнү кармады

Azattyk.org 

Сузакта 23-декабрда төркүнүнө кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 30 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, келиндин сөөгү эки күндөн кийин райондун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан моюнуна жоолук оролуп, чачы жазылган абалда табылган. Соттук-медициналык экспертизада келин муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Факты боюнча 25-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Атабеков айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну кармалган. Читать дальше...



Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Арина Соболенко

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России