МБанк Temirov Live каналынын эсебин тейлөөдөн баш тартканы кабарланды
Журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган Temirov Live Ютуб каналы “Кыргызстан” банкы анын МБанк төлөө системасындагы эсебин жокко чыгарганын Фейсбуктагы баракчасында кабарлады. Temirov Live каналы кабарлагандай, аларды материалдык колдоо үчүн МБАНК төлөө системасында банк эсеби ачылганын жарыялагандан кийин ушундай кырдаал түзүлгөн. Учурда каналдын юристтери анын себебин банк менен териштирип жатат. Азырынча “Кыргызстан” банкы бул тууралуу коменттарий бере элек. Kaktus.media басылмасына банк Temirov... Читать дальше...