Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 22.12.2022

Кемпир-Абад иши: Бишкектеги акция, парламенттеги талкуу

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыгып, абактагыларды коё берүүнү талап кылды. Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдына Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты. “Жапырт камоо мыйзам бузуу менен коштолгон. Алардын үйүндө тинтүү соттун чечими жок туруп жүргүзүлгөн, камоонун мөөнөтү да мыйзамсыз узартылууда”, - деди Асия Сасыкбаеванын сиңдиси Асыл Айтбаева. Читать дальше...

Ташкентте Токаев менен Мирзиёев чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ташкентке мамлекеттик сапар менен барган кезинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен орток чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту. Эки өлкөнүн чек арасы 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган. Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн. Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон. Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстан чек арага чекит койду

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанган жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында казак-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча келишимге кол коюлду. Ташкентте президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев тарыхый делген казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары жай айында Алматы шаарында жолугушкан. Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 2300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган. Читать дальше...



Депутат Алимжанова экология боюнча токтомдор аткарылбай жатканын сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова экология боюнча кабыл алынган токтомдордун талаптары дээрлик ишке ашпаганын 22-декабрда "Парламент" радиосу менен болгон маегинде билдирди. "Экология көйгөйүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде караганбыз. Парламенттин жалпы жыйынында да кеңири талкууладык. Ар бир сунуш эске алынып, ишке ашырылуусу шарт. Коюлган талаптардын жыйынтыгын кайра-кайра сурамжылоо менен пайдалуу натыйжаларга жетишебиз. Болбосо,... Читать дальше...

Нарматова тергөөгө бара албай калганын адвокаты билдирди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу 22-декабрда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына бара албай калганын анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди. "Бүгүн саат 14:00 менен 15:00 ортосунда Орозайым Нарматованы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып чыкканга оперкызматкерлер тергөө абагына келишти. Орозайымдын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери замбилге жаткырып, камерасынан короого алып чыгышты. Читать дальше...

Кошалиев абакта отургандарга байланыштуу президентке кайрылды

Azattyk.org 

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга байланыштуу президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик жетекчилерине кайрылды. Кайрылуу Жогорку соттун төргасы Замирбек Базарбековго, баш прокурор Курманкул Зулушевге жолдонгон. Анда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгаруу маселеси боюнча Элдик курултайдын делегаттарынын өтүнүчү келтирилген. "Делегаттардын өтүнүчүн дагы бир ирет сиздердин эсиңиздерге салып... Читать дальше...

Казакстан: Январда окко учкан 12 жаштагы баланын иши токтотулду

Azattyk.org 

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында Алматыда окко учкан 12 жаштагы Султан Кылышбектин өлүмү боюнча кылмыш ишти токтотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" баланын энеси Гаухар Каримбекова айтты. Октябрда ал тергөө жай жүрүп жатканына Коррупцияга каршы кызматка жана президенттин администрациясына арызданган эле. Ал каттар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 9-декабрда жазылган жоопто мекеме кылмышты ким жасаганы аныкталбагандыктан, иш токтогонун кабарлады. 12 жаштагы Султанга былтыр 5-январда дүкөндүн жанында ок тийген. Читать дальше...

Талибдер кыз-келиндердин жогорку билим алышына каршы чыккандарды күч менен таркатты

Azattyk.org 

Талибдердин коопсуздук күчтөрү Кабулда кыз-келиндерге университеттерге барууга тыюу салган чечимге каршы чыккан демонстранттарды күч менен таркатты. Бир нече киши кармалганы кабарланууда. Аялдарды жогорку окуу жайлардан четтетүү эл аралык коомчулуктун жана БУУнун сынына кабылды. 50 чакты хижабчан кыз-келин нааразылыгын тынч билдирип чыккан. Алар Кабул университетинин жанына чогулмак болгон. Бирок коопсуздук аскерлери ал жерде көп болгондуктан, башка жерге жөнөгөн. Катышуучулардын бири “Азаттыктын”... Читать дальше...



ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Тажикстанга убактылуу барбай же бул өлкө аркылуу башка мамлекетке чыгуудан карманып турууга чакырды. Бул кыргызстандыктардын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Дүйшөмбү шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт. +996 999 312-002 -... Читать дальше...

Бээжинде дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөндөр көбөйдү

Azattyk.org 

Кытайдын мамлекеттик CCTV телекомпаниясы Бээжиндеги ооруканалар дене табы көтөрүлгөн бейтаптарга толуп калганын бейшембиде маалымдады. Дарыгерлердин бири бир эле күндө ооруканага түшкөндөрүн саны 100дөн 400гө көбөйгөнүн айтып берди. Алардын көбү өнөкөт илдеттери бар кары-картаңдар. Кытайдын баш калаасында дары-дармек тартыш болгондуктан тургундар бири-бири менен мобилдик тиркемелерден маалымат алмашууда. Мамлекеттик медиа кабарлагандай, жергиликтүү бийликтер маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатат... Читать дальше...

Пашинян Тоолуу Карабакта жайгашкан орус аскерлерин сындады

Azattyk.org 

Армениянын премьери Никол Пашинян Тоолуу Карабакта жайгашкан орус аскерлерин сындады. Өкмөт башчынын айтымында, Азербайжан активисттери Арменияны аймак менен байланыштырган жападан жалгыз жолду тороп салгандан кийин алар аракет көргөн эмес. Лачин коридору өткөн жумадан бери буулуп турат. Активисттердин тобу армян бийлиги Тоолуу Карабакта табигый ресурстарды мыйзамсыз өндүрүп жатат жеп эсептейт. Орус аскерлери абалга көз салып, бирок аракет көргөн жок. Пашинян өкмөттүн бейшемби күнкү жыйынында... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагы эки киши ачкачылыкты токтотту

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО) отурган саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотту. Бул маалыматты акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камалгандар менен жолугуп жатат. Бекназаров ачкачылык кармап жаткандарга тилектештигин билдирип, 15-декабрдан тартып тамак-аштан баш тартканын билдирген. Учурда Кемпир-Абад... Читать дальше...

Орусияда такси айдагандар ФСБга жүргүнчүлөр тууралуу маалымат берип турат

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасы такси кызматтарын жүргүнчүлөрдүн эки жакка каттаганы тууралуу маалыматтарды жарым жыл сактап, коопсуздук органдарына өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырды. Документ Думанын сайтында жарык көрдү. 2015-жылдан бери иштелип келаткан долбоор быйыл майда депутаттардын кароосуна берилген. Ага ылайык, такси кызматтары ФСБга өзүнүн маалымат системасынан пайдалануу укугун берүүгө тийиш. Акыркы бир жыл ичинде айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылгандар, оор беренелер менен айыпталып... Читать дальше...

Баткен аэропортун оңдоп-түзөө иштери уланууда

Azattyk.org 

Баткен шаарындагы аэропортту жаңылоо иштери дээрлик аяктап калды. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" билдиргендей, аба майдандын учуу-конуу тилкеси жана негизги иштери бүткөн. Аба ырайына байланыштуу айрым жумуштар кеч аткарылууда. Учурда Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери аэропортто текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Толук текшерилип сертификациядан өткөн соң, аэропорттун иштешине уруксат берилет. Курбанова андан кийин каттамдар коюлуп, учактар каттай баштай турганын билдирди. Читать дальше...

Кыргызстан Кувейтке аба каттамдарын көбөйтүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Быйылкы жылдын 30-декабрынан тартып Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдар ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январь күндөрү аткарат. Буга чейин Бишкектен Кувейтке жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү туруктуу каттам жүргүзүлүп келген. Кыргызстандын... Читать дальше...

Сот "Азаттыктын" УКМКнын аракеттерине каршы арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 22-декабрда "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, канааттандырган жок. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бектенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырды. 31-октябрда “Азаттык... Читать дальше...

Кыргызстанда жаңы тоо лыжа курорту курулат

Azattyk.org 

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Чүй облусуна "Бирбулак" жаңы тоо лыжа курортун куруу долбоорун бекитти. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтылганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна "Тамга" эл аралык спорт комплексин куруу долбоору дагы жактырылды. Мындан сырткары Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулары айтылып, анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучу жабдууларды орнотуу... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Депутат Бекешев далил жок болгондуктан тергөө токтоп турганын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешев бүгүн 22-декабрда парламенттин жалпы жыйынында президент Садыр Жапаровго Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандар боюнча кайрылды. Ал президенттен тергөө органдарынан ишти создуктурбай тергеп бүтүп, сотко өткөрүүсүн талап кылууну, абактагылардын үй камагына чыгуусуна көмөктөшүүнү өтүндү. Бекешев алардын бийликти алуу деген ою болбогонун, андайга даярдык көрүшпөгөнүн, курал сатып алышпаганын, элди чогултпаганын, резиденция тарапка барбаганын белгилеп... Читать дальше...

Ош: күйүүчү май куюлган цистерналар оодарылып, киши өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

21-декабрда Ош шаарына жакын жайгашкан Нариман айыл аймагындагы темир жол станциясында күйүүчү май куюлган үч цистерна оодарылып кетип, бир кишини басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 59 жаштагы жаран ошол жерде каза болгон. Окуя "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" мунай базасына жакын жайгашкан станцияда болгон. Каза болгон киши ошол жайда жөндөөчү (регулировщик) болуп иштечү. Андан башка 22 жаштагы эркек киши жараат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге





Rss.plus
#123ru.net

ENERGON поделился успешным кейсом внедрения системы управления предприятием 1C:ERP




Shot: в клинике Тимура Хайдарова работали пластические хирурги без образования

Где купить кулич в Москве — подборка кондитерских и ресторанов

Маму блогера Галич увезли в больницу с разбитой головой из отеля в центре Москвы

«Метриум»: В отделке новостроек делюкс-класса доминирует классический стиль




FIDH бийликти Тоолуу Бадахшандагы активисттерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду, башкы прокурор Юсуф Рахмонду жана юстиция министри Музаффар Ашуриенду Тоолуу Бадахшандагы төрт жарандык активистти боштууга үндөдү. 19-декабрда жарык көргөн кайрылууда айтылгандай, Ульфатхоним Мамадшоева, Фаромуз Иргашев, Хурсанд Мамадшоев жана Манучехр Холикназаровго тагылган айыптар алынууга тийиш. Укук коргоочулар ошондой эле бийликти өлкө жарандарынын сөз эркиндигин жана тынч чогулуу укугун камсыздоого чакырды. Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...

Депутат Дин комиссиясына аялдардын ордуна эркектер ишке алынганын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеген үч аял жумуштан алынып, алардын ордуна жалаң эркектер дайындалганын сындап чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынындагы сөзүндө билдирди. Аялдар уюмдарынан кайрылуу түшкөнүн айткан депутат бийлик органдарындагы гендердик теңчилик маселесин көтөрдү: “Көптөгөн айымдар абдан ачуусу келип, “бүт жактан чектеп, кыскартып жатасыздар” деп кайрылып жатышат. Алардын айтымында, сабаттуу... Читать дальше...

Амангелдиев банк эсептери кандай учурда текшерилерин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат. Депутат Мейкинбек Абдалиев долбоордо Салык кызматына жарандардын банк эсептерин текшерүүгө укук берүү каралганын айтып, банктык купуялуулуктун сакталышы боюнча суроо берди. Баяндамачы, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев банктык эсептер товар жүгүртүүлөр боюнча гана текшерилерин айтты. "Товар жүгүртүүлөрдүн... Читать дальше...

Депутат Кыргызстанда англис тилин күчтөндүрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстанда англис тилин окутууну күчтөндүрүү сунушталууда. Бүгүн 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз алган депутат Миргүл Темирбаева билим берүүнүн ар бир баскычында үч тилдүү системаны киргизүү сунушун айтып, кыргыз тилинин макамын эч убакта четке какпай турганын, бирок бир гана кыргыз тили менен дүйнөгө аралашуу мүмкүн эместиги реалдуулук экенин, орус тили КМШдагы кошуналар менен баарлашууга колдонулса, англис тили эл аралык аренага жол ачарын, дүйнөдө 70тен ашык өлкө, өнүккөн өлкөлөр ушул тилде сүйлөшөрүн белгиледи... Читать дальше...

"Азаттыктын" УКМКнын аракеттерине каршы арызы сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 22-декабрда "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызы карала баштады. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. 15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа”... Читать дальше...



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Владимир Путин

Путин поручил рассмотреть вопрос о создании профильных агроклассов



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России