Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 23.12.2022

Меши жок, ышы жок, жылуу үй

Azattyk.org 

Кыштын келиши менен Бишкекти коюу түтүн, ыш каптайт. Жыл сайын кайталанган бул көрүнүш менен шаар тургундары өз алдынча күрөшүп жатышат. “Азаттык+” ышка каршы карапайым жарандардын уникалдуу демилгелери менен тааныштырат.

Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар

Azattyk.org 

“Азаттык” эл аралык иликтөөчү журналисттердин материалында Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүүгө жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагышты. Кыргыз бийлиги жыгач материалдарын ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салынганын билдирип жатат.

Астана менен Ташкент чогуу коргонууну макулдашты

Azattyk.org 

“Азаттык” Беларустун жыгачын Кыргызстандын атынан Евробиримдикке экспорттоого жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагууда. Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн чек арасын демаркациялоо жана чогуу коргонууга жол ачкан союздаштык келишимге кол коюшту. Башкы прокуратура “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаевди жана УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам кызматкерин кармады.



Парижде күрттөрдүн борборунун жанындагы ок атууда үч киши мерт кетти

Azattyk.org 

Күрттөрдүн Париждеги коомдук борборунун жанында болгон ок атууда үч киши мерт кетти, бир нече адам жараат алды. Кармалган 69 жаштагы шектүү адам буга чейин расисттик мүнөздөгү зомбулук үчүн камалган экен. Кол салуу баш калаанын Анген көчөсүндө, борборго жакын жерде болгонун француз маалымат каражаттары кабарлашты. Ал чөлкөмдө эки чоң темир жол вокзалы орун алган. Шектүү күрттөрдүн борбору, ресторан жана чач тарачты көздөй тапанчадан ок аткан. Анын атын полиция шардана кылган жок. Прокуратура... Читать дальше...

Орусия Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын акыркы 11 айдагы соода жүгүртүүсү дээрлик 45 миллиард долларды түздү. Былтыркы ушул эле мөөнөткө салыштыргында бул көрсөткүч 18% өстү. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында айтылат. Экспорт жагынан биринчи орунда өнөр жай продукциясы, кызмат көрсөтүү жана алтын турат. Өзбекстандын тышкы соодасында биринчи сапка Орусия чыкты. Жалпы көлөмдүн 18,6% ал өлкөгө туура келет. Кытайга экспорт тескерисинче азайган. Андан киинки орундарда Казакстан, Түркия жана Корея турат. Читать дальше...

Токмокто эки өспүрүмдү зордуктоого шектүү киши кармалды

Azattyk.org 

Токмок шаарында 80 жаштагы киши эже-сиңди өспүрүмдөрдү зордуктоого шек саналууда. Алардын бири сегиз айлык кош бойлуу экени кабарланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 19-декабрда балдар иштери боюнча инспектор 12 жаштагы кыз кош бойлуу экенин облустук милициянын жетекчисине билдирген. 1942-жылы туулган Д.В. аттуу тургундун үстүнөн милицияга арыз 20-декабрда түшкөн. Арызда шектүү 12 жана 14 жаштагы кыздарды алдап үйүнө алып кирип, зордуктаганы белгиленген. Читать дальше...

Бишкекте үч эм уул төрөлдү

Azattyk.org 

Бишкекте дагы үч эм төрөлгөнүн бүгүн 23-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2 клиникалык Төрөт үйүндө 20-декабрда көз жарган 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч уулдуу болду. Эненин да, салмагы 2,3 кг, 1,9 кг жана 2,4 кг болуп төрөлгөн ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык, алар Төрөт үйүнүн ай-күнүнө жетпей төрөлгөн наристелер бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөр 15ке жеткен. Читать дальше...

Баткенде курман болгон аскерлердин сүрөттөрү Тарых музейине берилди

Azattyk.org 

Баткендеги чек ара коогалаңдарында мекен үчүн курман болгон жоокерлердин портреттери бүгүн 23-декабрда расмий түрдө мамлекеттик сактоого Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди. Журналист Элнура Кулуева баштаган чыгармачыл топ уюштурган бул эскерүү иш-чарасына маркум жоокерлердин жакындары, бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Коңшу Тажикстан менен чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодогу тилкеде жайгашкан Баткенде соңку жылдары адам өлүмүнө алып келген кандуу окуялар катталууда. Читать дальше...



Мурдагы милиция башчысы Уланбек Аалиев акталып, абактан бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев бүгүн 23-декабрда негизинен акталып, сот залынан бошотулду. Анын ишин Биринчи Май райондук соту карады. Соттун өкүмү менен ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” деген негизде акталды. Ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынды. Аалиевдин... Читать дальше...

Исламабаддагы жардыруудан полиция кызматкери набыт болду

Azattyk.org 

Исламабадда турак үйлөр жайгашкан районго жакын жерде жанкечти дүрмөттөлгөн машинесин жардырып, полицинын бир кызматкери мүрт кетип, кеминде 10 киши жараланды. “Машал” радиосунун маалыматына караганда, кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы талибдердин тобу алды. Полиция башчысынын орун басары Сохаил Зафар Чаттанын айтымында, тартип сакчылар мындан да чоң чабуулдун алдын алууга жетишти. Даярдалып жаткан кол салуу тууралуу маалымат түшкөндө полиция районду кайтарып, шектүү машинени байкаган. Читать дальше...

Алматыда Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал ачылды

Azattyk.org 

Алматы шаарында Январь окуяларында курман болгондорго арналган мемориал ачылды. Расмий маалыматтарда, ал трагедия 200дөн ашуун кишинин өмүрүн алганы айтылып жүрөт. Тынч нааразылык акциялары куралдуу тополоңго айланып, Алматы анын чордону болуп калган. Эстеликти ачууга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. "Азаттык" радиосунун казак кызматы Жумурият аянты курчалып, иш-чарага мамлекеттик кызматкерлерди автобустар менен алып келишкенин жазды. Аянтка мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кое берип... Читать дальше...

Конституциялык сот оң рулдуу машинелер боюнча кайрылууну карады

Azattyk.org 

Рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салуу Конституцияга карама-каршы келбейт. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы кабарлады. 21-декабрда сот Даниэл Акматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктунун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун карады. Бул пунктта рулдук башкаруусу оң... Читать дальше...

Экоактивисттер мэрияны жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

“МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырышты. Экоактивисттер кайрылуусунда Бишкекти ыш каптап, экологиялык абалдын начарлашын жүйө келтиришкен. Алар салютсуз деле технологиянын жардамы менен майрамдык атмосфераны жаратууга болот деп эсептешет. "Фейерверк климаттын өзгөрүшүнө себеп болгон уу газдарды бөлүп чыгуусуна салым кошот. Ондогон оор металлдардан тышкары абада PM2.5 майда бөлүкчөлөрү жана кычкылдандыргыч заттар кездешет. Читать дальше...

Абакка телефондорду алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды

Azattyk.org 

Бишкектин сыртындагы Степное айылындагы аялдар колониясына төрт мобилдик телефон алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Г.А. аттуу аял телефондорду шыпыргыга катып алып кирип баратканда кармалган. Абак-жайларда мобилдик байланыш каражаттары тыюу салынган буюмдардын катарына кирет. Кыргызстанда телефон аркылуу элден акча алдаган учурлар көп катталат. Буга чейин эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен... Читать дальше...

"Бүтүн Кыргызстан" Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн айда Бишкекте уюштурулган Элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко сунуштама тапшырды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда фракциянын катчылыгы билдирди. Маалыматта айтылгандай, президенттин быйыл 15-августтагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилди. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

24-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарда туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12; Бишкекте жаан жаабайт, күндүз жаан жаабайт. Читать дальше...

Санарип сүрөттөрдөн кантип акча тапса болот?

Azattyk.org 

Дүйнөлүк криптовалюта жана NFT рыногу миллиарддаган доллар менен өлчөнөт. Барган сайын кыргызстандыктар санариптик валюта соодасынан же санариптик сүрөттөрдөн акча таба баштады. Бул чөйрө кантип иштейт жана ага кирүү канчалык оңой? Программанын атайын чыгарылышында адистер менен кеңешебиз. (видео орус тилинде)

Бишкек: Мектептеги онлайн окуу мөөнөтү узарды

Azattyk.org 

Бишкектин мектептеринде онлайн окутуу режиминин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буга борбор калаада сасык тумоого байланыштуу түзүлүп турган эпидемиологиялык кырдаал себеп болууда. Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн болчу. Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат, үчүнчү чейрек 11-январда башталат. Читать дальше...

Кыргызстанда "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департменти Өзбекстандагы окуядан улам "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынганын билдирди. Департамент "Док-1 Макс" Кыргызстанга 2018-жылы ташылып келе баштаганын, акыркы ирет 2021-жылы киргенин билдирди. "Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Үлгүлөр лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн Борбордук текшерүү-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлдү"... Читать дальше...


Музыкальные новости
Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.





Rss.plus
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)




Проекты из Хабаровского края победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Воронежские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

В Москве суд арестовал 12-го фигуранта дела о теракте в Подмосковье

В конце апреля и начале мая электрички из Твери и Конаково будут следовать только до Зеленограда




Орусияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык 7,5 жылга кесилди

Azattyk.org 

Орусиянын Клинцы шаардык соту 29 жаштагы кыргызстандыкты интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатуу боюнча күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга катаал режимдеги абакка кести. Бул тууралуу маалымат Клинцы шаардык сотунун сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Новосибирск шаарында жашаган кыргызстандыкка Орусиянын Кылмыш кодексинин "Маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде интернетти) пайдалануу менен, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен ири өлчөмдө баңги каражаттарын мыйзамсыз... Читать дальше...

Советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга койду. Долбоор 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган жарандарды актоого багытталган. Мыйзамдын демилгечилери - депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо. Долбоордо Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мыйзам 1994-жылы кабыл алынып, алты жолу өзгөргөнү... Читать дальше...

Электр тарифиндеги өзгөрүүлөр боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти Кыргызстанда электр энергиясынын өнөр жай тарифи жогорулай турганы жөнүндө тарап жаткан маалыматты четке какты. Мекеме 23-декабрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сөз бюджеттик керектөөчүлөр жөнүндө жана өкмөттүн токтомуна киргизилип жаткан редакциялык мүнөздөгү өзгөртүү тууралуу гана болуп жатат. Маалыматта айтылгандай, бюджеттик керектөөчүлөр буга чейин 1 кВт/саат үчүн 3,40 сом төлөп келген болсо, өкмөттүн 25-ноябрдагы токтомунан кийин деле 3,40 сом төлөйт. Читать дальше...

Башкы прокуратура "Керемет Банк" боюнча УКМК кызматкерлери кармалганын маалымдады

Azattyk.org 

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалганын бүгүн 23-декабрда “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратурадан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат. Маалыматта айтылгандай, кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары. “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары... Читать дальше...

Сексуалдык зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыз боюнча иш кайра тергеле баштады

Azattyk.org 

Бишкекте сексуалдык эксплуатацияга кабылган 14 жаштагы кыздын окуясына байланыштуу козголуп, кийин жабылган иш кайра тергеле баштаганын “Оазис” уюмунун өкүлү Мээрим Осмоналиева билдирди. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде козголгонун 23-декабрда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. “Учурда тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө уланууда” деп билдирди мекеме. Осмоналиеванын айтымында, кызын бирөөлөр алдап... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Девушке сделали предложение на концерте Басты: "Бери кольцо"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Андрей Мидловец выиграл якутский финал на первенстве России

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России