БУУнун өкүлү Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышын айыптады
Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор “Мемориал” укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча билдирүү таратып, муну айыптады. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды. “Мени Виталий Пономаревго Кыргызстанга көп жылга чейин киргизүүгө тыюу салынганы кабатырлантат. Ал себептерин түшүндүрбөй кирүүгө тыюу салынган биринчи укук коргоочу эмес жана мен бийликти мыйзамдуу укук коргоочулук ишине бут тосуу үчүн ушундай чектөөлөрдү колдонбоого чакырам”... Читать дальше...