ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ биринчи жыйынга чогулду
"Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ бүгүн, 20-декабрда алгачкы жыйынга чогулду. Президенттик аппарат сунуштарды иштеп чыгып, биринчи вариантын жаңы жылга чейин жумушчу топтун мүчөлөрүнө таратып бермей болду. Жумушчу топтун кийинки жыйыны 23-январга белгиленди. Президенттик администрация сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ 5-декабрда түзүлгөн. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши... Читать дальше...