Тажикстандан депортацияланган оогандык качкындар
Оогандык качкындар Тажикстандын мыйзамдарын бузган деген негизде өлкөдөн депортацияланганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу расмий Дүйшөмбүнүн Бириккен Улуттар Уюмуна берген баяндамасына таянып билдирди. Тажикстандын бийлигинин БУУнун Адам укуктары комитетине берген отчетунда чет элдиктер өлкөнүн мыйзамдарын бузганы жана коопсуздукка байланыштуу чыгарылганы жүйө келтирилген. Документте ошондой эле ооганстандык качкындар уруксат берилбеген шаарларга жана райондорго мыйзамсыз көчүп баргандыктан депортацияланганы белгиленет. Читать дальше...