"Быйыл балдар башкача ооруп жатат". Бишкекте ооруканалар толуп калды
Кыргызстанда дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, ага чалдыккандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Азыркы тапта Бишкектеги балдар ооруканаларында орун калбай, бейтаптар коридордо жаткырылып жатат. Бишкек шаарынын тургуну Аида Төлөмүшованын төрт баласынын үчөө бир нече күндөн бери жөтөлүп, мурдунан суу куюла баштады. Ал азыркы тапта балдарын үйдөн эле карап, сасык тумоого каршы дарыларды берип жатат. Төлөмүшованын айтымында, алгач бала бакчага барган баласы ооруп, андан кийин калгандарына жуккан. Читать дальше...