Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Жалал-Абад: ууланууга себеп болгон тез татымдар

0
Жалал-Абад: ууланууга себеп болгон тез татымдар

Жалал-Абад шаарында төрт күндө тез татым жайларынын тамагына ууланган элүүдөн ашуун жаран ооруканага түштү. Бейтаптардын ичинде кош бойлуу келин жана балдар бар.

Жапырт уулануудан кийин шаардагы тез татым жасаган жайлар текшериле баштады.

28-июнда Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини" тез татым жайынан шаурма жеп, ууланган адамдардын саны 40ка жетти.

Алардын бири Асылбек Нурланов учурда ооруканада жатат. Ал ушул жайдан 28-июнда шаурма жегенден кийин ден соолугу начарлап ооруканага кайрылган.

"Дүйшөмбү күнү иним менен шаурма жегенбиз. Эртеси алым кетип, кыйналганда ооруканага кайрылдым. Ууланып калганымды айтып жаткырып коюшту. Азыр абалым жакшы".

Учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үйүндө дарыланууда. "Ага-ини" тез татым жайына 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Андан эки күн өтпөй, 30-июнда Жалал-Абаддагы "Таж-Махал" тез татым жайынын шаурмасын жеген 13 адам ууланган. Учурда сегиз киши амбулатордук жардам алса, тогузу ооруканага жаткырылды.

"Достор менен кечисин шаурма жеп, эртеси дарыгерге кайрылып, укол алгам. Бирок жакшы боло албай, ооруканага жатууга туура келди. Азыр абалым жакшы эмес",-деди алардын бири Мирбек Казимбаев.

1-июлда эки тез татым жайдын тамагына уулангандардын саны 60ка чукулдады. "Азаттыктын" кабарчысынын аталган тез татымдардын кожоюндары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Акшоола Турдуматова бейтаптардын абалы тууралуу буларды айтты.

"Келгенден бери баарынын абалы жакшы болуп калды. Кайрылгандардын ичинде кош бойлуу келин жана ымыркай бар. Дарылар убагында берилип жатат".

Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов бейтаптар уулануусун тамакка кошулган татымдардан көрөтдү.

"Уулангандардын абалы жакшырууда. Бүгүн шаардагы экинчи тез татымдын тамагына уулангандар ооруканага түшүп жатат. Адистер азыр ашкананы текшерүү үчүн кетишти. Ууланууга соуска кошулчу майонез сыяктуу татымдар себеп болушу мүмкүн деп ойлоп жатабыз".

Кыргызстанда акыркы жумада күн кескин ысыды. Адистер мындай учурда көчөдөн тамактануу кооптуу экенин эскертип келишет.

Дарыгер Мелис Баймуратов уулануунун белгилери байкалары менен дароо ооруканага кайрылууга кеңеш берди.

"Күн ысып жатканда улгайган адамдар көчөгө көп чыкпаганы оң. Тамакты жаңы азыктардан даярдап жеш керек. Аларды муздаткычта туура сактап, кармоо керек. Ууланганда алгач ашказан ооруйт. Көңүл айнып, окшуйт же ичи өтүп, дене табы көтөрүлөт. Шалдырап, алы кетет. Ошол учурда үйүнө жатып албай, ооруканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарылануу өмүргө кооптуу".

Жалал-Абад шаардык мэриясы кырдаалды эске алып, бардык тез татым жайларынын санитардык абалын текшерүүдө.

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында жапырт уулануу учурлары буга чейин да катталган.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн кыз узатуу тоюна катышкан 180 адамдын ичинен 32си тамакка ууланып, медициналык жардам алган. Той өткөн кафеге санитардык-гигиеналык бузуулар боюнча 15 миң сом айып пул салынган.

Ушул жылы 6-майда Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланып, ооруканага түшкөн. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аталган ашкананы 13 миң сом айыпка жыккан.

Ага чейин 1-майда Кара-Сууда 30дан ашуун адам тамакка ууланган. Текшере келгенде алар “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочту жегени белгилүү болгон. Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине миң сомдон айып пул салынып, 5 миңдей кондитердик азык сатыктан алынган.

2021-жылы Бишкекте 120га чукул адам "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылган. Ушул эле жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 138 адам ботулизм белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын баары Бек-Абад айылында өткөн тойго барышкан.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин поздравил ветеранов и всех жителей Москвы с Днем Победы





Москва

Что лечит невролог и с какими симптомами к нему обращаться?


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о развитии фармацевтической отрасли в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

 Посвященный 100-летию Булата Окуджавы концерт пройдёт в Пскове




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Жители и гости Москвы смогут посетить фестиваль «Московская весна»

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Пресс-служба «Лужников» опровергла информацию о концерте Канье Уэста в Москве


Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Блоги

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России