Футбол: плей-оффко чыккан командалар аныкталды
Дүйнөлүк футбол чемпионатында 2-3-декабрь күндөрү H жана G тайпаларында жыйынтыктоочу беттештер өтүп, плей-офф баскычына чыккан командалар аныкталды.
H тобунда Уругвай Гананы 2:0 эсебинде утту. Ал эми Түштүк Корея Португалияны 2:1 менен жеңди. Жыйынтыгында бул тайпадан алты упай топтогон Португалия жана төрт упай алган Түштүк Корея плей-оффко чыкты.
Эгерде Уругвай Гананы ири эсепте утканда (жок дегенде 3:0 менен), Түштүк Корея 1/8 финалга өтпөй калмак.
Ал эми G тобунда Бразилиянын кийинки баскычка өтөрү эки оюндун жыйынтыгы менен эле белгилүү болгон. Алар тайпалык оюндардагы соңку беттешинде Камерунга (1:0) утулуп калды. G тобундагы плей-оффко өткөн экинчи команда Швейцария болду. Алар Сербияны 2:3 эсеби менен жеңди
1/8 финалга чыккан 16 команда
1/8 финалдын беттештери 3-декабрда башталат:
Нидерланддар- АКШ (3-декабрь)
Аргентина – Австралия (4-декабрь)
Франция – Польша (4-декабрь)
Англия – Сенегал (5-декабрь)
Жапония – Хорватия (5-декабрь)
Марокко – Испания (6-декабрь)
Бразилия - Түштүк Корея (6-декабрь)
Португалия - Швейцария (7-декабрь)
Перс булуңунун боюндагы Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталган.
Беттештер Катардагы беш шаардагы сегиз стадиондо өтүп жатат. Бул өлкөдөгү климатка байланыштуу күз жана кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллардан ашык каражат сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.
Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат. (BTo)