Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

"Улуу көчмөндөр мурасы" бир жылга жетпей жоюлмай болду

0

Мамлекеттик бюджеттен дээрлик үч жарым миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылууда. Анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан тартып эле буга чейин даңазаланып келаткан холдингдин тагдыры эмне болот деген суроо бүйүр кызыткан.

"Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаган.

5-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде холдинг жабылгандан кийин долбоорлорго бөлүнгөн каражат тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев маалымат берди.

“Жалпылап айтканда, "Улуу көчмөндөр мурасын” 2022-жылы 3,4 млрд. сомго каржыланган. Азыр бул сумманын 100% кайтарылат. 700 млн. сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн калат. Салык кызматына 600 млн. сом - холдинг кен байлыктарды чалгындоо жана иштеп чыгүү үчүн лицензия алган. Бул сумма кайра кайтарылат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин 11,8 млн. сом талабы бар. Жалпы төгүмдөр 670-680 млн. сом болот. Ал эми 20-30 млн. сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат”.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетиндеги жыйында депутат Дастан Бекешев кимдир бирөө бул үчүн жоопкерчилик алабы деген суроо узатты. 

"Бул долбоордун ачылышына, кайра жабылышына бирөө-жарым жоопкерчилик алабы? Негизи бул долбоор бир адам үчүн ачылган. Адатта, бизди - депутаттарды силерде мамлекеттик көз караш жок деп урушушат. Ал эми президенттин администрациясы, Министрлер кабинети бул холдингди бир адам үчүн түзүшкөн, эми мына ликвидация болуп жатат. 20 млн. сомдой айлык-маянага кетти деп жатасыңар, эми эмне болот?".

Тенгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингдин башчысы болуп быйыл февралда дайындалган. Ал эми сентябрда коррупцияга байланыштуу камалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бишкектин Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын 10-январга чейин узарткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бөлтүрүк камалгандан кийин ишканага бөлүнгөн каржылоо токтогону тууралуу алгач Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында айткан.

"Тенгиз Бөлтүрүктүн камалганына байланыштуу долбоор жабылды. 3,4 млрд. сом каралган. 10 чакты долбоор иштелип жаткан. Азыр каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып атабыз".

Экономист Элдар Абакиров холдингдин жоюлушуна байланыштуу мындай пикирин айтты:

"Фонд ачылып жатканда менде эки суроо пайда болгон. Эмнеге "Кыргызалтынды" буга колдонбойт, анткени функциясы окшош. Буга өзүнчө акча которуу керек эмес болчу. Мамлекет элдин чогулткан акчасын сарамжалдуу колдонушу керек. Бул жерде 700 миллион сом балким, 1 млрд. сомго чейин акча сарпталды. Мындай болбош керек. Бул чоң жоопкерчилик".

Президент Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Ушул жылдын февраль айында бул холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу Бөлтүрүк жана башка кызматкерлер камалганын 13-сентябрда билдирген. Көзөмөл органы "Кумтөрдү" текшерүүдө ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын, үч кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Бөлтүрүк буга чейин өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган.

“Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногону айтылып келет.

57 жаштагы Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Кийин Кумтөрдү Кыргызстанга толук өткөрүп алганда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын башчысы бойдон калган. Ал камакка алынгандан кийин өкмөт ишканага Алмаз Барыктабасовду жетекчи кылып дайындаган.





Губернаторы России
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу





Москва

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

«По своей натуре девочка интеллигентная»: какой растет дочь Тимати с особенностями развития




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России