Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди
Жогору Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мандатына байланыштуу маселени парламентке кысым, мыйзам бузуу катары баалады. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү билдирди.
13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун Көк-Жар айылдык округ боюнча шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.
"12-декабрда Бишкек шаардык административдик соту шайлоодогу менин атаандашым Равшан Рысбаевдин арызын канааттандырып коюптур, шайлоодон бир жыл өткөндөн кийин. Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күндүн ичинде каралышы керек. Үч күндөн ашпаш керек. Ушул норманы, мыйзамдарды одоно бузуп жатышат, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Бир жылдан кийин Бишкек шаардык административдик соту шайлоо маалындагы талаштарды кароого жол ачып берип жатат. "Жаңы ачылган жагдайлар" деп айтып жатышат, Шайлоо кодексинде эч кандай жаңы ачылган жагдайлар деген түшүнүк жок. Бул парламентке карата кысым", -деди Бакиров.
Өмүрбек Бакиров Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбоорго каршы добуш берген депутаттардын бири.
17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.
Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн атайы депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан.
Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңшинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар айылдык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. "Элдик" депутаттар тобуна кирет. (BCh)