Азыркынын Дүйшөнү: Мектепке дале ат менен каттайм
Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеп, күнүгө 10 чакырым жол жүрөт. Шоруков тууралуу "Азаттык" бир нече жыл мурун тасма тарткан. Жакында эле кабарчыларыбыз анын азыркы жашоосу менен таанышып келди.