Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Ооганстанда кыз-келиндердин жогорку билим алуусуна тыюу салынды

0
Ооганстанда кыз-келиндердин жогорку билим алуусуна тыюу салынды

Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. 20-декабрда чыккан буйрук дароо жана белгисиз мөөнөткө күчүнө кирди. БУУ, АКШ жана Британия бул чечимди катуу айыптады. Буга чейин кыздар орто мектептерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган.

Ошол эле күнү Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде жасаган докладда оогандардын бакубат келечеги үчүн "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) менен диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи. Талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Февралдын аягында эле талибдер бийликке кайтып келгенден кийин жабылып калган университеттердин кайра ачылышына кубанып жаткан оогандык кыздардын жогорку билим алуу үмүтү үзүлгөндөй.

Шейшембиде “Талибан” жетектеген өкмөттөгү Жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы коомдук жана менчик университеттерге кыздарды окуу жайларга кое бербөө көрсөтмөсү жөнөтүлгөнүн бышыктады.

Үч ай мурун ооган университеттерине кабыл алуу сынактары жыйынтыкталганда окууга өткөндөрдүн арасында миңдеген кыз-келин бар болчу. Ошондо эле аларга уруксат берилген адистиктер чектелген эле. Мисалы ветеринария, инженердик иш, экономика жана айыл чарба факультеттеринде аларга окууга тыюу салынган.

Талибдер бийликти кайра басып алган 2021-жылдын августунан кийин кыздарга аялдар же белгилүү бир жаштан улуу эркектер гана дарс окуй алат деген эреже киргизилген.

Талиб өкмөтүнүн соңку чечими тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы абалды талкуулаган учурда белгилүү болду.

"Талибдер дагы бир убадасын бузганына күбө болуудабыз. Алар бийликке келгенден бери жана акыркы айларда аялдардын мейкиндиги барган сайын чектелүүдө. Билим берүүдө гана эмес, коомдук жайларда укуктары чектелип, коомдук талкуулардан четтетилүүдө. Өлкө аялдарсыз, кыз-келиндердин билимисиз кантип өнүгөрүн, кыйынчылыктарды кантип жеңерин элестетүү кыйын", - деп билдирди БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужарик.

Талибдердин бул чечимин ошондой эле АКШ, Германия жана Британиянын өкүлдөрү айыптады.

Чет өлкөлөр, анын ичинде Вашингтон “Талибан” жетектеген бийликти таанууну караштыруу үчүн аялдардын билим алуусу боюнча тиешелүү саясат өзгөрүшү керектигин буга чейин айтып келген.

Бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттердин ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзөрүнө убада берген. Атап айтканда, кыздар мектепке бара алышат, аялдардын укуктары сакталат, алар коомдук турмушка аралаша алат, мурдагы өкмөт менен иштешкендер куугунтукталбайт деп айтышкан.

Бирок бир жылга жетпей талибдер аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди киргизишти. Кыз-келиндер бети-башын, денесин жашырган кийим-кече кийип жүрүүгө милдеттендирилди, алар эркек тууганынын гана коштоосунда жол жүрө алат. Парктар өңдүү коомдук жайларга аялдарга белгилүү бир күндөрдө гана барууга уруксат берилет.

Мартта талибдердин Билим берүү министрлиги кыздар мектепке бара аларын жарыялаган. Бирок эртеси эле мекеме өз чечимин өзгөртүп, окуучу кыздарга үйлөрүнө тарап кетүү көрсөтмөсү берилген.

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде доклад жасаганда орто билим берүүдөн баш тартуу деген эки жылдан кийин университеттерге кыздар тапшырбайт дегенди туюнтарын белгиледи:

"Бул чечимди оогандар, жадакалса талиб жетекчилиги арасында да жактырбагандар бар. Аны бүтүндөй мусулман дүйнөсү сындады. Чечим “Талибандын” эл аралык коомчулук менен мамилесине көлөкө түшүрдү. Буга карабай ал күчүндө кала берүүдө, анын залакасы келечекте да сезиле бермекчи".

Отунбаева саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр менен катар эле оң жылыштар бардыгын белгиледи.

“Талибан” менен бир катар маселелер боюнча көз карашыбыз дал келбейт, бирок көңүл чордонунда турган нерсе - эркектер, аялдар, кыздар, балдар бакубат жана тең укуктуу жашай ала турган Ооганстандын келечеги үчүн диалогду колдошубуз керек”, – деди Роза Отунбаева.

Талибдердин кысымына, коркутууларына, күч колдонуусуна карабай оогандык кыз-келиндер укуктарын коргоп нааразылык акцияларын утур-утур өткөрүп келишет.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман заявил, что Пугачева ему безразлична, и назвал ее ЖКП




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Никакой магии! В спортивном прогнозировании не бывает безусловных выигрышных стратегий


Карен Хачанов

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России