Талибдер кыз-келиндердин жогорку билим алышына каршы чыккандарды күч менен таркатты
Талибдердин коопсуздук күчтөрү Кабулда кыз-келиндерге университеттерге барууга тыюу салган чечимге каршы чыккан демонстранттарды күч менен таркатты. Бир нече киши кармалганы кабарланууда.
Аялдарды жогорку окуу жайлардан четтетүү эл аралык коомчулуктун жана БУУнун сынына кабылды.
50 чакты хижабчан кыз-келин нааразылыгын тынч билдирип чыккан. Алар Кабул университетинин жанына чогулмак болгон. Бирок коопсуздук аскерлери ал жерде көп болгондуктан, башка жерге жөнөгөн.
Катышуучулардын бири “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысына айтып бергендей, тартип коргоочулар кыздарды уруп, сабаган. Окуяны чагылдырган бир нече журналист дагы кармалды. "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү окуяны комментарийлеген жок.
Ушул эле күнү Түркия жана Сауд Арабия башка мусулман өлкөлөрүнө кошулуп талибдердин соңку чечимин айыптады.
Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тыюу “мусулманчылыкка да, адамгерчиликке да жатпасын” айтты жана чечимди жокко чыгарууга үндөдү.