Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Кочкордогу окуя: милиция менен криминалдын "байланышы"

0
Кочкордогу окуя: милиция менен криминалдын

Нарындын Кочкор райондук милициясынын жетекчилери "криминалдык топту калкалаган" деп камакка алынды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган милиция кызматкерлери криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин мойнуна алып, облустук милиция башчылары да жоопко тартыларын эскертти.

Кочкордо кафе иштеткен ишкерди милиция коргобой койгон окуя анын криминал менен чырмалышып кеткенин ачыкка чыгарган бир мисал катары талкууга жем таштады. Айрымдар өлкөдө криминалдык идеология кеңири жайылып, билимге караганда кара күч артыкчылык берилгенден жаштар арасында рекетчилик кадыресе көрүнүшкө айланганын сындашууда.

Ал эми атайын кызматтын криминалды жана аны калкалаган милиция жетекчилигин кармашы  - кырдаалды жөнгө салуудагы чечкиндүү кадам катары бааланды.

Министрдин эскертүүсү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздук боюнча жыйында милициянын райондук эле эмес облустук жетекчилери да жоопко тартыларын эскертти. 

"Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карайбыз. Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги бул окуяга көз жумуп, элге каршы кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени алар өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташып алышкан".

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов Кочкор райондук милициянын жетекчилиги кандайча криминалды калкалаганы боюнча ички кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы жакын арада чыгарын билдирди.

Мурдагы министр, жеке ишкер Тилек Токтогазиев ишкер чөйрө криминалдын басымында калганын айтты:

"Чакан, орто же чоң ишкердик болобу, кандай болгон күндө дагы криминалдык күчтөрдүн басымы күчөп жаткан учур. Бул боюнча бизге ишкерлерден аларды кысып, ар кандай жолдор менен кыйнап жатышканы тууралуу "сигналдар" бар. Ишкерлер криминалдан коргонуу үчүн мамлекетке, укук коргоо органдарына кайрылайын дешет. Бирок кимге, кантип кайрылат? Алардын арыздарын уккан бирөө барбы. Ал эми Кочкордогу окуя бул бир эле окуянын мисалы"

УКМКнын басма сөз кызматы бул иш быйыл 7-ноябрда болгону белгилеп, окуянын чоо-жайы тартылган видео тасманы жарыялады. Алты мүнөттүк видео тасма Кочкор районундагы кафелердин биринде тартылган. Анда криминал кафенин ээсин коркутуп, ал коопсуздугун коргоо үчүн чакырган милиция кызматкерин уят сөз менен сөгүп, опузалаганын көрүүгө болот:

"Талтайба, жөн басып келгиниң. Капитан болсоң деле талтайбай келе бер. Эгерде мен соттон өмүр боюга жаза чарасын алсам деле сени жок кылып таштайм. ИИМ менен УКМК органдарында иштегендердин бардыгы менин досторум болушат".

"Жасалма иш-аракет эмеспи?"

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү жана милициянын райондук жетекчилигин кармаган видео тасма боюнча Фейсбуктагы пикирлер бир кылка эмес. Айрымдары криминалды жана ага чара көрбөй, тескерисинче калкалаган милицияны кошо кармаган атайын кызматты колдосо, кээ бирлери муну жасалма иш-аракет деп сындашууда.

Активист Эрнис Жээнтаев кармалгандар олуттуу криминалдык топко окшобой жатат деп шек санайт:

"Мен өзүм деле бир кезде көлбаевчилер менен мына ошондой мааниде сүйлөшкөн учурлар болгон. Мен бул видео тасманы көрүп, алардын үндөрүн угуп, салыштыргандан кийин айырмасы асман менен жердей экен. Видеодогу жанагы "талтайып баспа" деген сөздөр олуттуу криминалга тиешелүү эместей. Бул риториканы айылдагы эле бир тентек балдардын сүйлөгөн сөзүнө салыштырсак болот. Бул эми элди алаксытуу эле окшойт. Анан калса, айылда деле жанагындай балдар жок".

УКМКнын билдиришинче, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеген тамагына акча төлөөдөн баш тартып, кафе ээсинен ай сайын 1000 доллардан акча берип турууну талап кылган. Эгер айткандары аткарылбаса, кафенин имараты өрттөлө турганын эскерткен. Кармалгандардын бири, “Хан” каймана аттуу уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү Алмаз Чигентаев эч кандай криминалдык макамга ээ эмес экенин айтып, кечирим сураган видеосу соцтармактарга жарыяланды.

"Буга чейин мени Кочкордун тургундары "Хан" деген ат менен мына ошол райондун кримтөбөлү деп атап жүрүшчү. Бирок бул чындыкка эч бир туура келбейт. Мен эч кандай уюшкан кылмыштуу топто эмесмин. Мындан ары кримианалдык терштирүүн катышпайм. Мен өзүмдүн дыйкан чарбам менен гана алек болом"

Анткен менен президенттин улук кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев укук коргоо жана сот органдары криминал менен коюн-колтук алышкан учурлар аз эместигин, cоңку окуя мына ошондой терс көрүнүштөргө каршы күрөштүн башаты экенин айтты:

"Криминалдын тамыры абдан терең. Ошондуктан мына ушул окуянын жыйынтыгы боюнча айтуу эрте. Көрүнүшү жакшы көрүнөт. Бирок ошону менен Кочкордогу окуя боюнча эле бардыгыбыз тазаланып кеттик дегенден алысмын. Ошондой болсо дагы, Кыргызстанда мыйзамдуулукту буза турган дайыма укук коргоо органдары. Анткени алардын колунда бийлик бар. Ошого таянып алышып, карапайым адамдардын укугун бузуп койгон учурлар бар".

Криминалдык "романтиканын" кесепети

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-декабрда "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна караштуу деген шек менен он кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү экени жарыяланды.

"Интеллект" жеке мектебинин жетекчиси Жакшылык Матанов милиция уюшкан топтуу ооздуктай албаган окуяны криминалдык идеология жайылып, күчкө артыкчылык берилген коомдун көрсөткүчү катары баалады:

"Азыр бизде химия же биологиядан Дүйнөлүк олимпиададан жеңип келгендерди тосуп албай, эрежесиз эр уруш боюнча мушташып келгендерди сый-урмат менен тосуп алган коомдо жашап жатабыз. Бул нерсе жаңы муунга аябай чоң мисал. Жаш балдар мына ошого карата түздөнөт. Ошентип ага кызыгып отуруп, анан чоң спорттон жок болуп, аягында криминалга кирип кетип жатышат. Анан чала спротчу же чала бандиттер өсүп чыгууда. Предметтик сабактар боюнча сынактарды өткөрсөк, депутаттар келишпейт. Ал эми мушташ өнөрү популярдуу болгондуктан, алардан калбай барышат".

Кочкор райондук милиция бөлүмүнүн башчысы жана ыкчам иштер боюнча орун басары кылмыштуу топту калкалоого айыпталып, камакка алынып, катардагы үч милиционер кайра коё берилгени тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

ИИМ маалыматы боюнча Кыргызстанда Камчы Асанбектин, Азиз Батукаевдин жана Алмаз Бокуштун уюшкан кылмыштуу топтору бар. Буга байланыштуу 350дөй киши милициянын атайын каттоосунда турат.

2015-жылы уюшкан кылмыштуу топто турганы үчүн эле катаал жаза чарасын киргизүү сунушталып, бирок мыйзам долбоору парламенттен өтпөй калган.





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Блогер Настя Ивлеева пожертвовала полмиллиона рублей бойцам СВО из Забайкалья




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Bungie continues recent streak of Ws by making most Destiny 2 expansions free to everyone



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России