Жапонияда калың кардан улам 20дай адам каза тапты
Жапонияда жааган кардын кесепетинен кеминде 17 адам каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганын Associated Press 26-декабрда билдирди.
Каза болгондордун жана жабыркагандардын көбү чатырдагы карды тазалап жатканда кулап кетишкен. Бийлик тургундарды көчөдө сак болууга чакырууда.
Жапонияда 17-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн айрым аймактарында кар нормадан үч эсе көп жааган.
Өлкөнүн түндүгүндө калың жааган кардан улам электр зымдары үзүлдү. Натыйжада 20 миңге жакын үй бир нече саатка жарыксыз калган. Жекшемби күнү токтотулган ондогон поезддер жана каттамдар апта башында кайра иштей баштады.
Ниигата аймагында калың кардан улам Жаңы жыл майрамынын негизги азыгы болгон күрүч токочту кардарларга жеткирүү машакатка айланды.