Бишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөт
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат. Саммиттин күн тартиби жана катышуучулары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек. ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Читать дальше...