Төкмө акын Курсант Нурматов жерге берилет
Белгилүү төкмө акын Курсант Нурматовдун сөөгү бүгүн өзү туулуп-өскөн Ничке-Сай айылында коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” төкмө акын Чыңгызхан Кожошев билдирди. Акын Курсант Нурматов 20-декабрда оорудан улам 49 жашында акка моюн сунган. Курсант Нурматов 1973-жылы 1-февралда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында туулган. Акын 2001-жылы “Айтыш” коомдук фонду түптөлгөн кезде атактуу акындар Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиевдерден сабак алган. Кийин устаттарынын көзү өткөндөн... Читать дальше...