Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 02.09.2022

“Эл баатыры” наамын кимдер алган?

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге сыйлык тапшырды. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы беш кишиге ыйгарылды. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бул наамга дагы кимдер татыган?

Президенттик аппарат ЖК регламенти мыйзамы жөнүндө түшүндүрмө таратты

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент кайра кайтарган Жогорку Кеңештин (ЖК) регламенти тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө түшүндүрмө таратты. Султанбаев түшүндүрмөнү Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда президент мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылганы жазылат. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мамлекет башчынын кароосуна 2022-жылы 20-июлда келген. Президенттик администрациянын түшүндүрмөсүндө, Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Сот 19 жаштагы блогерди камакта калтырды

Azattyk.org 

2-сентябрда Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралса, жарандык активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү. Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айыпталууда. Алар иш саясий өңүттө козголгонун айтып, сын-пикир үчүн камакта отурганын билдиришти. Эки өтүнүчтү четке каккан чечим 14-августтан бери камакта отурган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Кантемир Турдалиев сотко эки өтүнүч келтирген - Жекшеналиевдин кармалышынын... Читать дальше...



Ооганстанда мечиттеги жардыруудан имам каза болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Герат провинциясындагы Гузаргох мечитинин имамы Мавлави Мужиб Рахмон Ансори 2-сентябрда мечиттеги жардыруудан каза болду. “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн Гераттагы коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Махмуд Шах Расули “Азаттыктын” тажик кызматына Ансоринин өлүмүн ырастады. Анын айтымында, мечиттеги жардыруудан мерт кеткендердин арасында анын бир тууганы да бар. Уулу болсо жараат алган. Бул кол салуу үчүн азырынча бир да топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Мавлави Мужиб Рахмон Ансори ... Читать дальше...

Кумтөрдүн ээси "Кыргызалтында" жетекчилик алмашты

Azattyk.org 

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги толук курамы менен отставкага кетти. Мындай өзгөрүү Кумтөрдүн алтыны боюнча ар кыл маалыматтар чыгып жаткан кезге туш келди. Өлкөдөгү кирешелүү ишкананын жетекчиси болуп Элдияр Калдарбеков дайындалды. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги толук курамы менен кызматтан кеткени 2-сентябрда белгилүү болду. Тагыраагы, ишкананын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев кызматтан алынды. Читать дальше...

Миграциядагы чыгармачылык: четте жүргөн таланттар

Azattyk.org 

Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдары туташ жумушсуздук жана жан багуу аргасынан миңдеген кишилер мекенин таштап, чет жактарга эмгек миграциясына агылган. Алардын арасында интеллектуалдар, музыканттар, дарыгер, акын-жазуучулар да бар эле. Чейрек кылымдан бери өлкө сыртында жүргөн чыгармачыл кишилерге миграция таасири кандай болду? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эмгек мигранттарынын биринчи агымы менен чыгып кеткендердин бири белгилүү акын Толук Бек Байзак дале мекенине кайта элек. Учурда ал Түркияда эмгектенүүдө. Читать дальше...

Калдарбеков: Ишти “Кыргызалтындын” буга чейинки жумуштарын талдоодон баштайм

Azattyk.org 

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жаңы дайындалган төрагасы Элдияр Калдарбеков “Азаттык” радиосуна комментарий берип, жумушту алгач компаниянын буга чейинки иштерин талдоодон баштаарын билдирди. “Биринчи кезекте таза иштейбиз. Алгач (ред: ишкананын) буга чейинки иштерин талдап чыгып, анан ишти алып барууну баштайбыз”, - деди ал. Калдарбеков президенттин жакындары менен достугун четке кагып, буга чейин бул тармакта иштеп келгенин кошумчалады. 2-сентябрда "Кыргызалтындын"... Читать дальше...

Активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү

Azattyk.org 

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин алгачкы соттук отуруму бүгүн, 2-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталмак. Бирок негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан отурум 13-сентябрга жылдырылды. Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Читать дальше...



Бишкек шаардык соту блогер Жекшеналиевди абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-сентябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Сотто жактоочулардын Жекшеналиевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө өтүнүчү дагы четке кагылды. Сот жараянында Ырыс Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин дагы бир жолу кайталады. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Читать дальше...

Аргентинанын вице-президентине кол салуу болду

Azattyk.org 

1-сентябрдын кечинде Аргентинанын вице-президенти Кристина Фернандес де Киршнерге кол салуу болду. Ал үйүнүн алдына чогулган эл менен учурашып жатканда, белгисиз адам аны башка атууга аракет кылган. Бирок тапанча атылбай калган. Кол салуу видеого тартылып калган. Тасмада көрүнүп тургандай, шектүү кишилерди түртүп өтүп, тапанчаны Фернандестин бетине такап атканда ал иштебей калган. Вице-президент жабыркаган эмес. Аргентинанын президенти билдирүү кылып тапанчада беш ок болгонун, бирок ал кандайдыр... Читать дальше...

АКШ БУУнун Шинжаңдагы адам укуктары боюнча отчетун кубаттады

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына каршы иштерин “адамзатка каршы кылмыш” катары мүнөздөгөн баяндамасын кубаттады. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-сентябрдагы билдирүүсүндө, докладда Кытайдын уйгурларга жана башка этникалык азчылыктарга карата “үрөй учурган мамилеси сүрөттөлгөн” деп билдирди. “Бул отчет Шинжаңдагы уйгурларга, ошондой эле башка этникалык жана диний азчылыктардын өкүлдөрүнө каршы бийлик (ред... Читать дальше...

"Кыргызалтындын" жетекчилиги алмашты  

Azattyk.org 

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев, Данияр Конокбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Азырынча алардын кызматтан кеткенинин себеби айтыла элек. «Кыргызалтындын» жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал буга чейин «Кыргыз көмүр», «Кыргызалтын» ишканаларында иштеп кеткен. Мекеменин басма сөз кызматы жетекчилигинин алмашканы жөнүндө маалыматты тактап жатканын билдирди. Читать дальше...

Жогорку соттун судьяларына жүрүм-турум эрежелери окутулууда

Azattyk.org 

Жогорку соттун судьялары Ысык-Көл облусунда cот этикасы жана судьялык этикет боюнча окуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев семинардын максаты соттук этикеттин эрежелери, сот өндүрүшүндөгү судьялардын жүрүм-турумун талдоо экенин билдирди. 2021-жылы президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видео көрсөтүп, соттордун жүрүм-турумун сындаган. Читать дальше...

Москвада бадахшандык дагы бир активист кармалды

Azattyk.org 

Москвада 1-сентябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунун тургуну, жарандык активист Мамадбек Атобеков кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды. Маалыматка караганда, Атобековду кармоого милиция кызматкерлери менен бирге Тажикстандын укук коргоо органдарынын эки өкүлү келген. Аны каякка алып кетишкени белгисиз, жакындары Тажикстанга өткөрүп бериши мүмкүн деп кооптонушууда. Тажикстан менен Орусиянын бийлиги Мамадбек Атобековдун кармалышы боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...

Ырыс Жекшеналиевдин иши: шаардык сотто бөгөт чарасын өзгөртүү каралат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-сентябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карайт. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө... Читать дальше...

Таласта 90 миллион сомго УКМКнын аймактык бөлүмүнүн имараты курулат

Azattyk.org 

Талас шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнүн имараты курулат. Буга байланыштуу мамлекеттик сатып алуулар порталына 90 миллион сомдук тендер жарыяланды. Анда имарат беш кабат болуп,  бардык коммуникациялар курулушу керектиги белгиленген. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" буга байланыштуу маалымат кийинчерек берилерин билдирди. Соңку бир жылдын ичинде Бишкек шаарында жана бир катар аймактарда УКМКнын бөлүмдөрүнүн имараттары, кызматкерлерге үйлөр курулду. Атайын кызмат кайсы каражатка... Читать дальше...

Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк тартыш болууда

Azattyk.org 

Пакистандын өкмөтү июль айынан бери уланып жаткан селдин кесепетинен ар кандай оорулар жайылып, тамак-аш тартыш болуп жатканын билдирди. Бийликтин маалыматы боюнча, өлкөнүн 25% суу алдында калды. 31-августка карата бир катар райондордо сел токтогону кабарланган. Табигый кырсыктан кеминде 1136 адам өлүп, он миллиондогон киши жараат алып, 1 миллион үй кыйрады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) донор өлкөлөрдү Пакистанга тез арада жок эле дегенде 160 миллион доллар жардам көрсөтүүгө чакырды. Пакистандын 220 миллион калкынын 500 миңи үйүн таштап... Читать дальше...

Баткен: Чек арадагы айылга жаңы мектеп курулду

Azattyk.org 

Тажикстан менен чек арадагы Үч-Дөбө айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул айылдын окуучулары буга чейин Тажикстандын Кожалы айылын аралап, кошуна айылга каттап окуп келген.

Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан алынды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишти кызматтан бошотту. Бул маалыматты аталган банктын басма сөз кызматы "Азаттыкка" бышыктады. Ошондой эле анын ордуна башка адам дайындалганы менен азырынча ал тууралуу маалымат берилип, жамаатка тааныштырыла электиги белгилүү болду. Нурбек Жеңиштин жумуштан алынган себеби тууралуу азырынча түшүндүрмө бериле элек. Ал бул кызматка 2014-жылы августта дайындалган. Нурбек Жеңиш соңку учурда Улуттук банктын иши, ага карата... Читать дальше...


Музыкальные новости
Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM





Rss.plus
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года




Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

«К сожалению»: смогут ли клиенты криптобиржи Beribit вернуть свои деньги

Певец Киркоров выпустил наушники в виде красной помады за 4600 рублей

The Telegraph сообщила о планах Британии создать собственные ракеты к 2030 году




Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагынына чыкканын "Азаттыкка" ырастады. Анда судья ага карата козголгон кылмыш ишиндеги беренени жеңилдетип, "коррупцияны" "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" алмаштырганы айтылат. "Айыпталуучунун такай жашаган жери жана жаш балдары бар. Тек-жайы документтер менен такталган. Мындан улам анын бөгөт чарасы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөрдү",-деп айтылат сот берген маалыматта. Азат Узаков... Читать дальше...

Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ага президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарганы күтүүсүз болгонун билдирди. Ал бул тууралуу 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. "Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап берди", - деди Ташиев. Садыр Жапаров шейшембиде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу... Читать дальше...

Ноокенде мурдагы аялын бычактап өлтүргөн деген жаран кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кандуу окуя Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринин короосунда 26-августтан 27не караган түнү болгон. Анда 24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылганы, кылмышка шек саналып 1989-жылкы мурдагы күйөсү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. Читать дальше...

Түгөлбай Казаков: Адамдын эмгегин көзү тирүүсүндө баалаш керек

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыгы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Белгилүү коомдук ишмер, мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков наам, сыйлыктардын кадыр- баркы, аны ыйгаруунун жол-жобосу тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.  - Мамлекеттик жогорку даражадагы “Ак Шумкар” ордени, "Кыргыз эл баатыры" деген наамдар кандай тартипте, кимдерге берилиши керек деп ойлойсуз? Кандай эмгектери үчүн мындай сыйлыктарга татыктуу болот? - Бул маселеде бир нерсени бөлсөк жакшы болот эле... Читать дальше...

Түгөбай Казаков: Адамдын эмгегин көзү тирүүсүндө баалаш керек

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыгы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Белгилүү коомдук ишмер, мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков наам, сыйлыктардын кадыр- баркы, аны ыйгаруунун жол-жобосу тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.  - Мамлекеттик жогорку даражадагы “Ак Шумкар” ордени, "Кыргыз эл баатыры" деген наамдар кандай тартипте, кимдерге берилиши керек деп ойлойсуз? Кандай эмгектери үчүн мындай сыйлыктарга татыктуу болот? - Бул маселеде бир нерсени бөлсөк жакшы болот эле... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасы: үч өткөрмө бекет кыска мөөнөткө иштебейт

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекет 2-августта убактылуу жабыларын билдирди. Анда мындай тоскоолдук тышкы миграциянын эсебин алуу бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу экени айтылат. Ага ылайык, шейшембиде "Ак-Тилек Автожол" 11.00-13.00, "Кең-Булуң Автожол" 14-16.00, ал эми "Токмок Автожол" өткөрмө бекети 17.00-21.00 убакыт аралыгында жабык болот. Чек ара кызматы жолоочуларды, айдоочуларды сапарларын кыска... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Виктория Азаренко

Азаренко не смогла пробиться в 1/8 финала турнира в Мадриде, уступив Соррибес-Тормо



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России