Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 20.09.2022

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары

Azattyk.org 

Кыргызстандын маалыматына ылайык, 16-17-сентябрда Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышта мерт болгон кыргыз жарандарынын саны 59 адамга жетти. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 19-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов чек арада Кыргызстан тараптан 40тай аскер кызматкери каза тапканын айтты. 20-сентябрда "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы да чек арадагы кагылышууда Тажикстан тарапта каза болгондор тууралуу тизмесин жарыялады. "Азаттык" чек арада курман болгон... Читать дальше...

Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

20-cентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолду. Жапаров 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмурүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады. "Ушул жылдын 14-15 жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай... Читать дальше...

Чек ара: тынчтык протоколу, элдин мүдөөсү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда болгон куралдуу кагылышта Баткен облусунун аймагында тонолуп, өрттөлгөн турак жайлардын саны алдын ала расмий эсеп боюнча 365ке жетип, 168 чарбалык объекти, 149 дүкөн жана башка тейлөө имараттары, 10 социалдык объекти, 5 мектеп, 3 бала бакча, 1 ФАП жабыркады. Көпүрө, электр трансформаторлору жараксыз абалга келди. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Миң-Өрүк айылынын тургуну Абдиахат Тагаев 16-сентябрда үй-бүлөсү менен коопсуз жайга качып чыккан. Читать дальше...



Кадамжайда 40 миңдей киши баш калкалап турат

Azattyk.org 

Баткен облусунда абал салыштырмалуу тынч. Чек арадагы кандуу окуяда Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөнүн президенттин Баткен аймагындагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. 140 миңден ашуун тургун коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Жаңжалда ок тийген жети бала Бишкектеги ооруканада дарыланууда.

Баткенде ок тийген жети бала ооруканада

Azattyk.org 

Чек арадагы жаңжалда ок тийген жети бала Бишкектеги ооруканада дарыланууда. Алардын эң кичүүсү 1 жарым, улуусу 15 жашта. Соңку маалымат боюнча жабыркагандар 185 адам болду, алардын 12си балдар.

"Сагынамын азыр сени, а мен жүрөм талаалап..." 19 жаштагы Умарбектин акыркы каты

Azattyk.org 

Бир жыл аскерде кызмат өтөп, эми үйгө кайтып келем деп турган маалда чек арадагы кагылышууда окко учкан 19 жаштагы Умарбек Курманбековдун сөөгү Базар-Коргон районунун Коткор айылында жерге берилди. Ал Баткен облусундагы “Капчыгай” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.

Баткенге жардам катары 179 миллион сомго жакын каражат чогулду

Azattyk.org 

Каржы министрлигинин 20-сентябрь, саат 17:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 178 миллион 819 миң 602 сом түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 20-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул каражаттан азырынча эч кандай муктаждыкка сарптала элек. "Президенттин "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин... Читать дальше...

Жапаров менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып бергени кабарланды. Өзбекстандын президенти Кыргызстандын... Читать дальше...



Чек арада курман болгон Рамазан Бактияр уулунун сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Рамазан Бактияр уулунун сөөгү бүгүн, 20-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы өзү туулган Үч-Коргон айылында жерге берилди. "Үйгө келип кеткенине бир дем алыш болгон. Апасы "дагы 1-2 күн жүрүп кетпейсиңби, эс алууң бүтө элек го"  деп айтса,  "ант берип койгом, антымды аткарышым керек"  деп кеткен. 14-сентябрда Баткенде согуш башталыптыр деп угуп калдык. Анын айынан сүйлөшө алган жокпуз. Андан кийин эле суук кабар келди", - деди Рамазан Бактияр уулунун атасы Бактияр Акимов. Читать дальше...

ИИМ Баткенде абал туруктуу экенин, чыңалуу сакталып турганын билдирди

Azattyk.org 

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталып турат. Бул тууралуу 20-сентябрда саат 17де Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта чектеш аймактарда Кыргызстандын жана Тажикстандын милиция кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуулдар күнү-түнү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Исмаилов улут аралык кастык катары мүнөздөлгөн фактылар аныкталбаганын айтты... Читать дальше...

Баткен: 195 билим берүү мекемесинде окуу токтоп турат

Azattyk.org 

Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат. Баткен шаарында жана Баткен районунда окуу жайлар иштебей турганы,  Лейлек районунда 21 мектеп жана 40 бала бакча, Сүлүктүдө бир мектеп, Ош облусунун Чоң-Алай районунда беш мектеп жана беш бала бакча да ишин убактылуу токтотуп турганы кабарланды. Читать дальше...

Баткенге республикалык бюджеттен 497 миллион сом бөлүндү

Azattyk.org 

Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат. Каржы министрлигинин соңку маалыматына караганда, Баткенде жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 100 миллион сомдон ашуун каражат түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги талкаланган үйлөрдүн саны 364 экенин билдирди. Мындан тышкары социалдык... Читать дальше...

"Элзада котормочу болгусу келген". Окко учкан өмүрлөр

Azattyk.org 

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда карапайым тургундар катуу жапа чекти. Арасында атылган октон каза тапкан жана жараат алгандар бар. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда учурда Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Алардын эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те экенин оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова ырастады. "Ооруканага түшкөн балдардын баарына ок тийген. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Читать дальше...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан багыты боюнча алгачкы поезд жолго чыкты

Azattyk.org 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридорундагы Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жолу боюнча алгачкы эксперименталдык поезд жолго чыкты. Бул тууралуу 19-сентябрда «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы билдирди. Оштогу темир жол станциясында 12 контейнерден турган поезд куралган. Алардын ичине азык-түлүк, үй техникасы жана айыл-чарба товарлары жүктөлгөн. Мунун баары Ооганстандагы Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд ал жакка эки күндөн кийин барары күтүлүүдө. 14-сентябрда... Читать дальше...

Кыргызстанда ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда талкууланды. «Волонтердук иш жɵнүндɵ» деп аталган мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан. Демилгечилердин бири, депутат Балбак Түлөбаев коронавирус пандемиясы учурунда ыктыярчылар бир катар кыйынчылыктарга туш болушканын, мыйзам долбоору алардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкканын айтты. Читать дальше...

Баткенде жараат алгандардын саны 200гө жакындады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрь, саат 15:00дө берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти. Алардын 26сы үйүнөн дарыланууга жиберилген. Министрликтин маалыматына караганда, 104 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларына которулган. 68 бейтап Баткен облусундагы бейтапканаларда жатат. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу; Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу; Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ... Читать дальше...

Президент Жапаров Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы менен жолугушат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат. Мындан сырткары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Жапаровдун сапары кыргыз-тажик чек арасында катуу куралдуу кагылыш болгондон кийинки учурга туш келди. БУУнун баш катчысы... Читать дальше...

Алматыда каракалпакстандык активисттер 40 күнгө камалды

Azattyk.org 

Казакстанда кармалган үч каракалпакстандык активистти Алматы соту 40 күнгө камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди. "Азыр Кошкарбай Торемуратов менен Жангельды Жаксымбетов Алматынын убактылуу кармоочу жайында. Ал эми Раиса Кудайбергенованы Конаев шаарындагы тергөө абагына алып кетишти",-деди Муратбай. Анын айтымында, 55 жаштагы Кудайбергенова экинчи топтогу майып. Өткөн жумада Алматыда каракалпакстандык активиттер кармалышкан. Читать дальше...


Музыкальные новости
Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»





Rss.plus
Александр Бастрыкин

В аварийном доме в Забайкалье, которым интересовался Бастрыкин, заколотили подъезды




Эстафета поколений и победителей. В Ульяновске отметили юбилейный праздник спорта

В Москве появились новые электровелосипеды улучшенной модели 2.0

Россия будет стремиться преодолеть любые санкции ...

Юлия Ефременкова из «Дома-2» купила четвертую квартиру в Краснодаре




Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

Azattyk.org 

21-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30; Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Баткен... Читать дальше...

Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы жардырылган көпүрөдө каттам жанданды

Azattyk.org 

Баткенде тажик тараптын кол салуусу учурунда жардырылганы айтылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, кыймыл кайра жанданды. Бул тууралуу 20-сентябрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тажик аскерлери жардырган көпүрө ушул 36 метрлик, Ак-Сайга кеткен көпүрө. Көпүрө аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгү чоң машиналар үчүн да, жеңил машиналарга да бар”, - деди Тиллаев. Тиллаев көпүрөнү жаңылап кайра куруу үчүн техника мобилизация болуп, иш башталганын кошумчалады. Читать дальше...

Баткен: 824 тонна гумжардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирди

Azattyk.org 

Баткенге соңку күндөрү жөнөтүлгөн 824 тонна гуманитардык жардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирип беришти. Бул тууралуу 20-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган өкмөттүк штабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди, мекеменин кампасында дагы 165 тонналык жардам сакталып турат. Бүгүнкү күндө республиканын аймагында гумжардам чогултуу боюнча 188 пункт иштеп жатат. Быйыл 14-17-сентябрда... Читать дальше...

Turkish Airlines орусиялык учкучтарды окутуудан баш тартты

Azattyk.org 

Түркиялык Turkish Airlines аба компаниясынын окуу борбору орусиялык учкучтарды атайын машыктыруучу жабдыктарда окутуудан баш тартты. Бул тууралуу The Insider басылмасы орус аба компаниясына таянып жазды. Окуу борборунун расмий катында, чечим "учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин санкцияларды катаалдатканына байланыштуу кабыл алынганы" белгиленген. Эксперттердин баамында, мындай кадамга эми башка компаниялар да барышы мүмкүн. Алардын пикирине караганда, учкучтар атайын окуудан өтпөсө... Читать дальше...

Баткен: Качып баратканда ок тийген жети бала ооруканада

Azattyk.org 

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттыкка” оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова билдирди. Анын айтымында, алардын баарына ок тийген. "Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген”. Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын... Читать дальше...

Армения менен Азербайжандын башкы дипломаттары жолугушту

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери 19-сентябрда Нью-Йоркто жолугушту. Бул эки тараптан 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Тоолуу Карабактагы соңку кагылышуудан кийинки кошуна мамлекеттердин дипломаттарынын алгачкы жолугушуусу болду. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун сүйлөшүүсүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен уюштурган. Жолугушуунун алдында Байрамов анын мамлекети "АКШ менен алакасынын деңгээлине канааттанарын"... Читать дальше...



Москва

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Маркетолог Родочинская: новая девушка Тимати копирует Решетову ради бизнеса




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ


Уимблдон

16-летняя Мирра Андреева победила чемпионку Уимблдона на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России