Ооган маселеси: БУУ Роза Отунбаевага ишеним артты
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп дайындалды. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде туңгуч айым президент болуп Кыргызстанды жетектеген Роза Отунбаеваны Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындаганы уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Читать дальше...